ВАГОН

ВАГОН (англ. waggon — араба) — т. ж. аркылуу жүк ж-а жүргүнчү ташый турган транспорт каражаты. Алгачкы В-ду жыгач рельс м-н жумушчулар түртүп, ат сүйрөп жүргүзгөн. Казылган кенди ташуучу мындай арабалардан поезд курашты-рууну ирландиялык Р. Л. Эжуорт сунуш кылган. Кийинчерээк жыгач рельстин ордуна темир рельс пайдаланыла баштады. Туңгуч т. ж. 19-к-дын 20-жылдарында Лондонго жакын жерде салынган. Россияда 1-жүргүнчүлөр ж-а жүк ташуучу В. 1846-ж. Александров з-дүнда курулган. Совет бийлиги жылдарында В. паркы түп тамырынан бери өзгөрдү. В. жүк ж-а жүргүнчү ташуучу, кең ж-а кууш колеялуу деп айырмаланат да, алардын чирке-лүүчусү’ ж-а өзү жүрө тургандары болот (электр поезд, трамвай, метрополитен В-дору, дизель-поезд ж. б.). Жүргүнчүлөр В-у жалпы пай-. даланылуучу (жүргүнчүлөр ташы-луучу, почта, майда жүк, электр станция В-дору) ж-а атайын максаттагы (кызматтык, санитардык, ла-бор-ялык, клубдун ж. б.) болуп бөлүнөт да, бөлмөлүү (жумшак же катуу орундуу) ж-а бөлмөсүз болуп жасалат. Жүк (товардык) В-дун универсал (жабык, ачык, платформа, цистерна ж. б.) ж-а атайын (гондола, транспортёр, изотермдүү) түрлөрү бар. Изотермдүү В. м-н бузулуп кетчү азык-түлүк (эт, балык, жашылча) ташылат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *