ВАГНЕР Вильгельм Рихард

ВАГНЕР Вильгельм Рихард (22. 5. 1813—13. 2. 1883) — немец композитору, дирижёр, театр ишмери. 1833-жылдан хормейстер, Магдебург, Кенигсберг, Рига театрларында муз. бөлүм башчысы, дирижёр, 1842—49-ж. Дрезден театрында капельмейстер. 1849-ж. Дрездендеги май көтөрүлүшүнө катышкандыгы үчүн куугунтук жеп, 13 жыл чет элде жашаган. 1876-ж. менчик Байрёйт театрын уюштурган. В.— опера өнөрүнө жаңылык киргизген улуу композитор. Буга ал 1840-жылдары жараткан «Жер кезген гол-ланд», «Тангейзер», «Лоэнгрин» опе-ралары далил. «Нибелунг шакеги» аттуу опера тетралогия, «Нюрнберг мейстерзингерлери» аттуу реалисттик операсы композитордун чыг-лы-гында өзгөчө мааниге ээ. Өзү жараткан жаңы опералык жанрдагы чыг-ларында (муз. драмаларында) В. музыканын, тексттин, сценалык кыймылдын өз ара айкалышын камсыз кылган; операны симфониялаштыруу жагынан чыг-лык ийгиликтерге жетишкен.
Ад.: Друскин М., Рихард Вагнер, М., 1958.
ВАГНЕР РЕАКЦИЯСЫ — КМп04түн 1%түү эритмеси м-н кычкылдантып, каныкпаган орг. бирикмелердин түзүлүшүн аныктоочу реакция. В. p.— татаал түзүлүштөгү этилен байланышы бар ар түрлүү бирикмелерди изилдөөнүн эң маанилүү методу. Ал терпендердин түзүлүштөрүн аныктоодо чоң роль ойнойт. Бул реакция-ны 1888-ж. орус химиги Е. Е. Вагнер ачкан.