ВАГИФ Молла Панах

ВАГИФ Молла Панах (1717—1797) — азербайжан акыны ж-а мамл. ишмери. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Араб, фарс тилдерин билген. В. мугалим, Карабах ханынын вазири болгон. Ал Карабах, Грузия, Талыш ж-а Эриван хандыктарынын Иранга каршы коргонуу союзун түзүүгө катышкан, Россия м-н байланышууга демилге кылган. 1797-ж. жерг. хандар тарабынан өлтүрүлгөн. Акындын туңгуч ырлар жыйнагы 1856-ж. Темир-хан-Шура (азыркы Буйнакск) ш-нда басылган. В-тин ырларын жыйноодо М. Ф. Ахундов көп эмгек сиңирген. Акындын толук ырлар жыйнагы 1945-ж. басылып чыккан. В-тин ырларында филос. ой жүгүртүүлөр м-н гражд. мотивдер күчтүү. В-тин өмүрү С Вургундун «Вагиф» аттуу драмалык поэмасында кеңири сүрөттөлгөн. Чыг.: Лирика, М., 1968.
Ад.: Дадашзаде А., Певец жизни (Раздумья о Вагифе), Баку, 1968.