ВАГАНОВА Агриппина Яковлевна

ВАГАНОВА Агриппина Яковлевна (6. 7. 1879—5. 11. 1951) — сов. балет артисти, балетмейстер ж-а педагог. РСФСР эл артисти (1934), проф. (1943). 1897-ж. Петербург театр окуу жайын бүтүрүп, 1916-жылга дейре Мариинский театрында (Петроград) бийлеген. 1917-жылдан пед. кызматта жүргөн. 1931—37-ж. Ленинграддагы С М. Киров атн. опера ж-а балет театрынын көркөм жетекчиси. «Ак куу көлү» (1933), «Эсмеральда» (1935) балеттерин койгон. Г. С. Уланова, М. Т. Семёнова, Т. М. Вечесло-ва, Н. Д. Дудинская ж. б. балет чеберлери В-дан таалим алган. Бүбүса-ра Бейшеналиева да В-нын шакирти. «Классикалык бий негиздери» (1934, төрт ирет кайра басылган) окуу китебинин автору. Ал сов. балет өнөрүндө классикалык бийдин салттарын өнүктүрүүгө чоң эмгек сиңирген. СССР мамл. сыйлыгынын лауреаты (1946), Эмгек Кызыл туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Ад.: Б о г д а н о в-Б ерёзовскийВ. М., А. Я. Ваганова, М.—Л., 1950.; А. Я. Ваганова. Статьи. Воспоминания. Материалы, Сборник, М.— Л., 1958.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *