ВАВИЛОНИЯ

ВАВИЛОНИЯ — Байыркы Чыгыш мамлекети. Б. з. ч. 2-миң жылдыктын башында Месопотамиянып түш. бөлүгүндө (азыркы Ирак аймагында) пайда болгон. Адегенде В-нын аймагы «Шумер жана Аккад» деп аталган. Б. з. ч. 19-к-дын башына чейин В-ны Аккад падышалары, ■ кийин Ур династиясынан чыккандар (22-к-дын аягы — 21-к.) бийлеген. Б. з. ч. 1894-ж. В-да аморит урууларынан чыккан жерг. династия тактыга келип, Хам-мурапинин (б. з. ч. 1792—1750). тушунда борборлошкон кул ээлик чоң мамлекет түзүлгөн. Б. з. ч. 18-к-дын 2-жарымынан тартып В-га сырткы душмандар, өзгөчө касситтер тез-тез кол салып турган. Алар 16-к-да өлкөнү басып алган. Касситтер дина-стиясы сурап турганда (1518—1204) В-нын экономикасы, аздыр-көптүр оош-кыйышына карабастан, өйдылө-гөн. Касситтердин ж-а андан кийинки династиялар тушунда В-га сырткы душмандар (ассириялыктар, эламиттер) далай жолу басып кирген. Б. з. ч. 7-к-да Ассирия аскерлери В-ны 2 жолу кыйраткан. Б. з. ч. 626-ж. ассириялык принц Набопаласар өзүн В-нын падышасы-мын деп жарыялаган. 626-жылдап Жаңы падышачылык башталат. Навуходоносор Пнин тушунда В. Еги-петке ж-а анын азиялык союздаш-тарына каршы ийгиликтүү согушкан. 586-ж. Иерусалим талкаланып, Иудея В. провинциясына айланган. Набопаласар м-н Навуходоносор . Пнин тушунда В-нын экономикасы бир кыйла жогорулап, Вавилон Алдыңкы Азиядагы негизги соода борборуна айланган. Кийин падыша сарайында бир нече төңкөрүш болгон. Б. з. ч. 539-ж. Персия падышасы Кир II В-ны басып алган. Дв.: Рифтин А. П., Старо-вавилонские юридические и административные документы в собраниях СССР, М.—П., 1937; Дьяконов И. М., Законы Вавилонии, Ассирии и Хеттского царства, «Вестник древней истории», 1952, Кг 3—4.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *