АЯНТ

АЯНТ — план б-ча курулган имараттардын аралыгындагы коомдук мааниси бар бош жер. Шаарларды ж-а кыштактарды курууда А. эки түргө бөлүнөт: башкы аянт (театр, вокзал, соода, коомдук-админ.); кыйыр түрдөгү кичирээк аянттар (эстеликтердин, парктардын, стадиондордун, окуу жайлардын ж-а ө. ж. ишканаларынын алдында). Египетте, Греңияда ж-а Римде форумдар үчүн, ал эми Кайра жаралуу доорунда собордук ж-а табынуу үчүн курулган имараттардын алдында аянттар болгон. Дүйнөдөгү белгилүү аянттар: Флоренциядагы Синьория (13-16-к.), Римдеги Капитолий (16-17-к.), Венециядагы Ыйык Марк (9-19-к.), Ленинграддагы Дворец (18-19-к.), Москвадагы Кызыл, Манеж, Свердлов (15- 20-к.) ж. б.

АЯНТ — тегиздик же мейкиндиктеги геом. фигуралардын бетинин өлчөмүн мүнездөөчү оң сан. А-ты ченөөнүн бирдиги үчүн жактарынын уз. 1 бирдик болгон «бирдик квадрат» алынат. Жактарынын узундуктары а ж-а е рационалдык сандары болгон тик бурчтуктун аянты S = а ? в. Тегиздиктеги көп бурчтуктардын А-тары көп бурчтуктарды тик бурчтуктарга бөлүүнүн натыйжасында ченелет. Параллелограммдын А. негизи м-н бийиктигинин көбөйтүндүсүнө барабар, үч бурчтуктун А. негизи м-н ага түшүрүлгөн бийиктигинин көбөйтүндүсүнүн жарымына барабар. Ийри сызык м-н чектелген тегиздиктеги фигуранын А-ын ченөө үчүн анын ичинен ж-а сыртынан мүмкүн болгон көп бурчтуктар сызылат. Бул көп бурчтуктардын А-тарынын жалпы пределы фигуранын А. болот.

АЯНТ ТЕАТРЫ, к. Театр.

АЯТ (ар. керемет, укмуш) — Курандын ырлары. Бир нече А. биригип, сүрөөнү (главаны) түзөт.