АЯЛ ЭМГЕГИ

АЯЛ ЭМГЕГИ — аялдардын коомдук өндүрүш процессине катышуусу. Аялдардын эмгегин массалык түрдө пайдалануу капит. формацияга, өндүрүштүн мапгиналаштырылган дооруна мүнөздүү нерсе. Буржуазия аялдардын укуксуздугун пайдаланып, эркектердин эмгегине караганда аялдардын эмгегине акыны аз төлөп, жумушчу аялдарды эксплуатациялоо саясатын жүргүзөт. Мяс, АКШда машина жасоо ө. ж-да эркектер м-н бирдей иштеген жумушчу аялдарга эмгек акы 20% ке кем төлөнөт. Колон, ж-а көз каранды өлкөлөрдө А. э. андан да оор. Бүткүл дүйн. профсоюздар федерациясынын демилгеси б-ча аялдарга эркектер м-н бирдей эмгек акы төлөө ж-дө маселе ООНдо каралган (1948). Бирок капит. өлкөлөрдүн көпчүлүгү ага каршы чыккандыктан, бул маселе анда чечилбей калган. Марксизм-ленинизм коомдук өндүрүштө А. э. колдонуунун прогрессчил экенин белгилеп, бурж. «теоретиктердин» аялдардын милдети — «от башы, очок кашы, бала багуу» деген «жоболоруна» чечкиндүү каршы чыгат. СССР Конституциясынын 122-статьясында: «СССРде чарбачылык, мамл., маданий ж-а коомдуксаясий турмуштун бардык жагынан аялга эркек м-н тең укук берилет»,- деп жазылган. Бул конституциялык гарантия турмушка ийгиликтүү ашырылууда. Соц. коомдо аялдар өндүрүштүн бардык тармактарында иштешет ж-а ал үчүн эркектер м-н бирдей эмгек акы алышат. СССРде жог. билимдүү адистердин жарымынан көбү-аялдар. Сов. өлкө аялдарды коомдук өндүрүшкө кеңири тартуу м-н аялдардын ден соолугуна да зор камкордук көрөт. Өндүрүштү механикалаштыруунун, автоматташтыруунун натыйжасында. А. э-не жеңил-‘ диктер берилип, аялдардын организминин өзгөчөлүгүнө байланыштуу оор ж-а ден соолугуна зыян келтирүүчү жумуштардан бошотулган. Социализм өлкөлөрүндө аялдардын теңснздпгпн жоюу ж-а А. э-н жеңилдетүү, аларды коомдук эмгекке кеңири тартуу — коомдук прогресстин зарыл шарттарынын бири.