АЯЛДАР КОНСУЛЬТАЦИЯСЫ — боюнда бар аялдарга төрөткө чейинки ж-а төрөттөн кийинки мезгилдерде, алар ар түрдүү аял ооруларына чалдыкканда, мед. адистештирилген жардам берүүнү камсыз кылган дарылоочу ж-а алдын ала иш жүргүзүүчү мекеме. Боюнда бар аялдын токсикозун (организмдин уулануусун), балдардын ара төрөлүшүн алдын алуу, баланын өлүк төрөлүшүн азайтуу максатында А. к. боюнда бар аялдарды мүмкүн болушунча эрте эсепке алып, аларга баланы бойдон алдыруунун зыяндуулугу, өз убагында тамактануу эрежелери, төрөттү мед. мекемелерде өткөрүү ж-дө түшүндүрөт. 1949-жылга чейин А. к. өзүнчө мекеме болуп келсе, кийин төрөт үйлөрүнүн карамагына өтүп, адистердин тажрыйбасын байытууга шарт түздү. Боюнда бар аялдарды мед. байкоого алууда, боюнда канча айлык экени, жамбаш чарасынын көлөмү, кан басымы, каны, заарасы текшерилип турулат. Жүрөк-кан тамыр оорулары бар, жамбаш чарасы тар, 1-жолу боюна бүткөндөр ж-а мурун жатындан сырткары бойго бүткөн учуру болгондор өзгөчө байкоого алынат.

от 123