АЯЛДАР АЗАТТЫГЫ

АЯЛДАР АЗАТТЫГЫ — социалдык маселелердин жыйындысы; аялдардын коомдогу ж-а үй-бүлөдөгү абалын, энеликти ж-а балалыкты коргоону, аялдарды эзүүдөн куткаруу жолдорун кучагына алат. Марксизмленинизм түшүнүгүндө А. а.- соц. рев-янын жеңип чыгуу ж-а коммунисттик коомду куруу шарттары ж-дөгү маселесинин бир бөлүгү. К. Маркс ж-а Ф. Энгельс ушул маселенин таптык тамырларын талдап чыгып, аялдар күңдүк абалдан капит. түзүлүш жок кылынганда гана кутулат деп көрсөткөн. Марксисттер эзилген аялдар массасы пролет, ревясынын зор резерви деп эсептеген. Падышалык Россияда аялдар шайлоого укуксуз болгон, закон тарабынан аялдар эмгеги коргоого алынган эмес ж-а эркектерге караганда аларга эмгек акы 2 эсе аз төлөнгөн, үйбүлөдө баш ийүүчү абалда болушкан. Мусулман дини үстөмдүк кылган Чыгыш элдеринде, мис, О. Азия м-н Каз-нда, аялдар чыныгы күңчүлүк м-н жан сактаган. Адат ж-а шарият айрыкча эмгекчилердин үй-бүлөсүнөн чыккан кыздарды билим алууга, коомдук иштерге, өндүрүшкө катышууга ж-а өз эрки м-н турмуш курууга укуксуз абалда кармаган. Кыргыз аялдары туташ сабатсыз болгон, кыздарды калыңга сатуу, жаштайынан күйөөгө берүү, аялдарды күң катары жумшоо, көп аял алуу кеңири тараган. А. а. маселесин чечүү мүмкүндүгү Окт. рев-ясы жеңгенден кийин, тарыхта 1-жолу Советтер өлкөсүндө түзүлдү. Совет бийлиги орногондун алгачкы айларында эле аялдардын теңсиз абалын бекемдеген закондордун баары жокко чыгарылган.