АЯЛДАР АЗАТТЫГЫ

АЯЛДАР АЗАТТЫГЫ — социалдык маселелердин жыйындысы; аялдардын коомдогу ж-а үй-бүлөдөгү абалын, энеликти ж-а балалыкты коргоону, аялдарды эзүүдөн куткаруу жолдорун кучагына алат. Марксизмленинизм түшүнүгүндө А. а.- соц. рев-янын жеңип чыгуу ж-а коммунисттик коомду куруу шарттары ж-дөгү маселесинин бир бөлүгү. К. Маркс ж-а Ф. Энгельс ушул маселенин таптык тамырларын талдап чыгып, аялдар күңдүк абалдан капит. түзүлүш жок кылынганда гана кутулат деп көрсөткөн. Марксисттер эзилген аялдар массасы пролет, ревясынын зор резерви деп эсептеген. Падышалык Россияда аялдар шайлоого укуксуз болгон, закон тарабынан аялдар эмгеги коргоого алынган эмес ж-а эркектерге караганда аларга эмгек акы 2 эсе аз төлөнгөн, үйбүлөдө баш ийүүчү абалда болушкан. Мусулман дини үстөмдүк кылган Чыгыш элдеринде, мис, О. Азия м-н Каз-нда, аялдар чыныгы күңчүлүк м-н жан сактаган. Адат ж-а шарият айрыкча эмгекчилердин үй-бүлөсүнөн чыккан кыздарды билим алууга, коомдук иштерге, өндүрүшкө катышууга ж-а өз эрки м-н турмуш курууга укуксуз абалда кармаган. Кыргыз аялдары туташ сабатсыз болгон, кыздарды калыңга сатуу, жаштайынан күйөөгө берүү, аялдарды күң катары жумшоо, көп аял алуу кеңири тараган. А. а. маселесин чечүү мүмкүндүгү Окт. рев-ясы жеңгенден кийин, тарыхта 1-жолу Советтер өлкөсүндө түзүлдү. Совет бийлиги орногондун алгачкы айларында эле аялдардын теңсиз абалын бекемдеген закондордун баары жокко чыгарылган.

Аялдардын саясий жактан тең укуктуулугу Советтик биринчи Конституңияда (1918) бекитилген. 1917-18-ж. чыгарылган бир катар закондордо Совет бийлиги эмгек, граждандык ж-а никелешүү укугунда, билим берүү маселесинде аялдарды эркектер м-н толук тең кылды; аялдар эмгегин, энеликти ж-а балалыкты коргоо б-ча чараларды көрдү, бирдей эмгек үчүн бирдей акы төлөө принцибин орнотту. Соң. өндүрүш мамилелерин түзүүнүн, өлкөнү индустриялаштыруунун ж-а а. ч-сын коллективдештирүүнүн, маданий рев-янын натыйжасында сов. коомдо аялдар м-н эркектердин иш жүзүндөгү тең укуктуулугу жүзөгө ашырылды. Сов. Чыгышта А. а. үчүн көп кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келди, анткени бул жакта аялдарды күңчүлүк абалда кармоонун кылымдардан бери келе жаткан салттары бар эле. Андыктан 1921-ж. Түркстан АССР Борб. Аткому калың төлөөгө, көп аял алууга ж-а кыздарды зордоп күйөөгө берүүгө тыюу салуу ж-дө декрет чыгарды. А. а. жолунда парткомдордун аялдар бөлүмдөрү ж-а Аялдардын делегаттык чогулуштары маанилүү иштерди жүргүзгөн. Бул маселеде ВКП (б) БКнын «Чыгыштын жумушчу аялдарынын, дыйкан аялдарынын жана эмгекчи аялдарынын арасында иштөө жагындагы кезектеги милдеттер жөнүндөгү» токтому (1924) чоң жардам көрсөткөн. Аялдарды коомдук өндүрүшкө тартуу, алардын сабатсыздыгын жоюу максатында клубдар, кызыл бурчтар, дыйкан аялдар үйлөрү ж. б. мекемелер уюштурулуп, балдар бакчалары түзүлө баштаган. Жерг. советтердин алдында аялдар эмгегин ж-а тиричилигин жакшыртуу б-ча комиссиялар иштеген. Жерг. калктын эмгекчи аялдары коомдук уюмдардын, Советтердин иштерине кеңири тартыла баштаган. Мис, 1925-26-ж. Кырг-нда «Кошчу» союзуна 1064 аял, профсоюздарга 2060 аял мүчө болгон; 1928-29-ж. шайлоонун натыйжасында 1500 аял сов. аппараттагы жооптуу кызматтарга көтөрүлгөн. 1930-ж. респкадагы колхозчулардын тең жарымын аялдар түзгөн.

СССРде аялдар соң. мамлекеттин тең укуктуу ж-а ишмер гражданы катары урматталат. Алар өлкөнүн а,ч-сында иштегендердин 51%ин түзөт (1970). Жогорку ж-а орто маалыматтуу адистердин 58% (1968), СССР Жог. Советине 1974-ж. шайланган депутаттардын 31,3%, Кыргыз ССР Жог. Советинин депутаттарынын 35% (1975), Жерг. советтердин депутаттарынын 47,9%-аялдар (1975). Коммунисттик курулушка активдүү катышкандыгы үчүн респ-кадагы 65 аялга Соң. Эмг. Баатыры деген наам берилген (1972), 5500 аял — «Баатыр Эне» (1972). КПССтин Программасында А. а. маселесин чечүү үчүн бүткүл социалдык-тиричилик шарттарын түзүү зарылдыгы белгиленген. Мунун эл аралык чоң мааниси бар.

Ад.: Маркс К., Энгельс Ф., Ленин В. И., О женском вопросе, М., 1971; Цеткин К., Заветы Ленина женщинам всего мира, М., 1958; Крупская Н. К., Женщина Страны советов — равноправный гражданин, [М.], 1938; Татыбеков а Ж. С, Женщины Советского Киргизстана в борьбе за социализм и коммунизм, Фр., 1967; А п ы ш е в а А., Дорога счастья женщин Киргизстана. Фр., 1969.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *