АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ 8-МАРТ

АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ 8-МАРТ — аялдардын эркектер м-н тең укуктуулугу үчүн күрөшүндө аял пролетариатынын эл аралык тилектештигинин күнү катары 1910-ж. Копенгагенде социалист-аялдардын 2конф-ясында К. Цеткиндин сунушу б-ча кабыл алынган күн. Бул күн 1-жолу 1911-ж. Германияда, Австрияда, Швейцарияда, Данияда өткөрүлгөн. Россияда 1-жолу Петербургда 1913-ж. аялдарды экон. ж-а саясий жактан азаттыкка чыгаруу үчүн күрөшүү урааны м-н өткөн. Улуу Окт. соц. рев-ясынан кийин А. э. а. к. биздин өлкөдө сов. аялдардын маданий ж-а саясий деңгээлин жогорулатуу, жаңы турмушту курууга аларды активдүү мобилизациялоо белгиси астында өткөрүлүп, чет өлкөлүк аялдар м-н тилектештик күнү да болуп калды’. Кырг-нда аялдардын эл аралык күнү 1920-жылдан бери белгиленип келе жатат. Ал кыргыз аялдарын чыныгы азаттыкка чыгаруу ишине айланды. Бул күнгө аялдардын сабатсыздыгын жоюу б-ча мектептерди, курстарды, аялдардын клубдарын, кызыл үйлөрдү, аялдардын кесиптик атайын артелдерин ачуу убагы туш келтирилген. Мис, 1925-ж. 8-Мартта Күрмөнтү болушундагы Талды-Суу кыш-да Кырг-ндагы аялдардын алгачкы клубу ачылган. Ушул күндө да Аялдардын эл аралык күнү 8-Марттын саясий мааниси өтө чоң. Соц. лагердин өлкөлөрүндө бул күн чет өлкөлүк аялдар ортосунда саясий жогорулоонун ж-а өндүрүштүк активдүүлүктүн символу болуп келе жатат. Капит. өлкөлөрдө аялдардын өз укуктары, тынчтык, демократия үчүн болгон күрөшү 8-Март күнү ого бетер күчөтүлөт. СССР Жог. Советинин Президиумунун 1965-ж. 8-майдагы Указы б-ча А. э. а. к.-8-Март СССРде дем алыш күн болуп калды.