АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ФЕДЕРАЦИЯСЫ

АЯЛДАРДЫН ЭЛ АРАЛЫК ДЕМОКРАТИЯЛЫК ФЕДЕРАЦИЯСЫ (АЭДФ) — аялдардын эл аралык массалык уюму. 1945-ж. аялдардын 1-дүйн. конгрессинде (Париж) уюштурулган. АЭДФтын жог. органы — 4 жылда бир чакырылчу конгресс. Конгресстер аралыгында анын ишине Совет жетекчилик кылат. АЭДФтын туруктуу иш органы — Секретариат (Берлинде). Федерациянын 1-президенти Эжени Коттон болгон, андан кийин Хертта Куусинен шайланган. Федерациянын негизги максаты — аялдардын эркектер м-н тең укуктуулугу, тынчтык үчүн күрөшүү. Аялдардын 1953-ж, Копенгагенде өткөн бүткүл дүйн. конгресси «Аялдардын укугунун декларациясын» кабыл алды. Федерациянын демилгеси б-ча, 1949-жылдан бери жыл сайын 1-июнда Балдарды коргоонун эл аралык күнүн өткөрүү белгиленген. 1967жылдан бери АЭДФтын алдында Түш. Вьетнамдын эли м-н тилектештиктин эл аралык комитети иштеп жатат. Азыр АЭДФ дүйнөнүн 97 өлкөсүнөн аялдардын 110 улуттук уюмун бириктирет (1973). Федерация түзүлгөн күнүнөн баштап эле эл аралык курч проблемаларды чечүү, аялдардын эл аралык демокр. кыймылынын бекем биримдүүлүгү үчүн ырааттуулук м-н күрөшүп келе жатат. АЭДФтын тынчтык, көз каранды эместик ж-а социалдык прогресс үчүн күрөшүнө Сов. аялдар комитети аркылуу биздин өлкөбүздүн аялдары да активдүү катышууда.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *