АЯЛДАРДЫН БҮТКҮЛ АФРИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ

АЯЛДАРДЫН БҮТКҮЛ АФРИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ (АБАК) — Африка аялдарынын туруктуу уюму. 1962-ж. түзүлгөн. 1972-ж. Африкадагы 37 өлкөнүн аялдар уюмдарын ж-а саясий партиялардын аялдар секцияларын бириктирген. Секретариаттын турган жери — Алжир ш., ген. секретары — Жанна Мартен Сиссе (Гвинея). АБАК эл аралык коопсуздукту ж-а кызматташтыкты жактайт, континенттеги аялдардын укугу, аялдар арасында сабатсыздыкты жоюу, аялдардан улуттук кадрларды даярдоо үчүн күрөш жүргүзөт, профсоюздардын ж. б. эл аралык уюмдардын иштерине катышат, элдердин ортосунда тынчтык, демократия ж-а тилектештикти чыңдоо кыймылын колдойт. Мындай маселелерди талкуулоо максатында эл аралык конф-ялар, семинарлар уюштурат.