АЯЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ

АЯЛДАРГА БИЛИМ БЕРҮҮ — аялдардын тең укуктуулугунун ишке ашырылышынын бир көрүнүшү. Аларга мектептерде, атайын жог. окуу жайларында эркектер м-н бирдей эле билим берилет. Улуу Окт. соц. ревясынын жеңишинен кийин 1918-25-ж. Кырг-нда А. б. б. кыргыз кыздарын мектепке тартуу, сабатсыздыкты жоюу аркылуу жүргүзүлгөн. А. б. б-гө 1928-ж. респ-кабызда 187 миң сом бөлүнгөн. Сабатсыздыкты жоюу класстарында 1928-29-окуу жылында 4683, 1932-ж. 23400 аял окуган. 1929-ж. мектеп окуучуларынын 40% ке жакыны кыздар болгон. А. б. б. жыл өткөн сайын жакшырып, 1937-ж. окуган кыз-келиндердин саны 63% ке жетти. Азыр мектептердеги окуучулардын, ин-Ттардагы студенттердин жарымынан көбү-кыз-келиндер. Респ-кабызда атайын кыргыз кыз-келиндер үчүн педин-т (Фрунзеде), орто мектеп (Ошто), ж-а айрым мектеп алдындагы интернаттар иштейт.