АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО

АЭРОЭЛЕКТРДИК ЧАЛГЫНДОО самолетто же вертолётто орнотулган атайы аппараттардын жардамы м-н жер бетиндеги тоо тектердин магниттик, электр-магниттик, индукциялык кубулуштарын изилдөө, чалгындоо методу. А. ч. методу СССРде (1955-ж.), Швецияда, Канадада ж-а АКШда иштеп чыгарылган. Пайдалуу кендерди издөөдө, геологиялык съемкада ж-а гидрогеологиянын кээ бир маселелерин чечүүдө кеңири колдонулат. А. ч-до электр-магниттик толкундарды жаратуучу ж-а таратуучу генератор рамасы колдонулат. Учуу мезгилинде рамадан жиберилген электр-магниттик толкундар тоо тек катмарларына, рудаларга өтүү м-н электр (вихрь) тогун пайда кылып, анын түрдүү даражадагы электрмагниттик толкундары самолёттогу аспаптар аркылуу кайрадан кабыл алынып капалат. Толкундардын интенсивдүүлүгү тоо тектердин ток өткөргүчтүүлүгүнө жараша болгондуктан, ал б-ча ар түрдүү аныктоолорду жүргүзүүгө болот. А. ч. методу жасалма же табигый электр-магниттик толкундарды колдонуу муктаждыгына карата бир нечеге бөлүнөт.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *