АЭРОЧАНА

АЭРОЧАНА — аба винти м-н кыймылга келтирилүүчү чана. А-нын лыжаларга орнотулган кузову жеңил материалдардан жасалып, аны кыймылга келтирүү үчүн 25 а. к. нөн кем болбогон кубаттуулуктагы авиац. кыймылдаткыч колдонулат. Чананын артында 2 лыжа ж-а алды жагында руль механизми м-н башкарыла турган 1 же 2 лыжа орнотулат. Лыжалар жыгачтан жасалып, таманына металл капталат, же бүтүндөй калдыркан дюралюминийден жасалат. Кубаттуулугу 100 а. к. нө барабар болгон кыймылдаткычтуу А. 100 км аралыкка 40 кг бензин ж-а 3 кг май сарп кылат. А-нын ылдамд. 254-140 км/с ка жетет. А. эл чарбасынын ар түрдүү тармактарында, арктика экспедицияларында, аэродромдо пайдаланылат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *