АЭРОЦИСТИТ

АЭРОЦИСТИТ (гр. аэро…, kystis — кабы) — өрдөктүн жөжөлөрүнун ж-а жылкынын аба капчыгынын былжырлуу челинин сезгениши. А. жылкыда тарсылдак безинин, таноонун, кеңилжээрдин сезгенишинен пайда болот. Жылкынын темп-расы көтөрүлүп, таноосунан ириң аралаш суюктук агат.

Виборг же Чубарь методу м-н операция жасалат. Өрдөк жөжөлөрү бул дартка суукка урунуудан чалдыгат. Жөжөлөрдү көлчүккө кое бербей, абанын нымдуулугу 60-70% болгон жөжөканада багып, жемге антибиотик кошулуп берилет.