АЭРОФОТОАППАРАТ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЭРОФОТОАППАРАТ — атайын жабдылган самолеттон, вертолёттон, спутниктен же ракетадан жер бетинин аэро сүрөтүн тартууга арналган оптика-мех. аппарат. Сүрөткө тартуу өзгөчө шарттарда жүргүзүлгөндүктөн, А-ка белгилүү талаптар коюлат ж-а ал кадимки фотоаппараттардан толук автоматташтырылышы, таяныч рамасынын амортизацияланышы, сүрөт форматынын чоң болушу, кадрлардын ылдам алмаштырылышы м-н айырмаланат. Алгачкы А-ты 1-дүйн. согуш убагында орус аскер инж. В. Ф. Потте ойлоп чыгарган. А-тар негизинен фокустук аралыктарынын чоңдугу ж-а тартылган аэро сүрөттөрдүн өлчөмү б-ча бир нечеге ажыратылат. СССРде фокустук аралыктары 50 мм ден 500 мм ге чейинки азыркы А-тар м-н 18×18 ж-а 30X30 см өлчөмдөгү аэро сүрөттөрдү тартуу кабыл алынган. А.- аэрофотокамера, 60 м же 120 м аэроплёнка бата турган кассета, аэрофото орноткуч ж-а командалык аспап сыяктуу негизги бөлүктөрдөн турат. А. топогр. ж-а чалгындоочу болуп экиге бөлүнөт. А. пландуу, перспективалуу ж-а панорамалуу сүрөттөрдү түшүрүү үчүн бир ж-а көп (2-9) объективдүү болушу мүмкүн.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *