АЭРОФАГИЯ

от123

Июн 26, 2020

АЭРОФАГИЯ (аэро… ж-а phagein — жаш), жел жутма — кекиртме дарт. Бул дарт ургундай жылкыда, сейрегирээк букада, чочкодо кезигет. Мал жем-чөп жеп же суу ичип жатканда, акырдын кырын кабый тиштеп, мойнун сунуп, демин токтотуп, өңгөчүн тартып, жел жутат да, кайта жел кекирет. Бул өнөкөткө айланса, мал ич көпмө дартка чалдыгат. Дарылоо жакшылыктуу натыйжа бербейт. Муну күнүгө моцион жасап, кесек тоютту каалашынча берип, жылкыны таптоо м-н кондурат.

от 123