АСТРАХАНЬ — РСФСРдеги Астрахань обл-нын борбор шаары. Волга жайылмасынын жог. бөлүгүндө дарыянын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 411 миң (1970). А. ж-дөгү 1-маалымат 13-к-га таандык. Кербен ж-а суу жолдорунун тоомунда болгондуктан, А. тез эле ири соода шаарына айланат. 1459- 1556-ж. Астрахань хандыгынын башкы шаары. А-га 1558-ж. Волганын ж-а анын куймаларынын жээгиндеги бийик дөңгө жаңы сепил куруу м-н негиз салынган. 17-к-дын орто чендеринде А. Орус мамлекетинин Волга чатындагы чек ара сепилдеринин бири эле. А.- Степан Разин башында болгон дыйкандар согушунун (1670- 71) очокторунун бири. 18-к-дын башында ири көтөрүлүш чыккан [к. Астрахань көтөрүлүшү (1705-06)]. 1717-жылдан А.-губ. шаар. 1903-ж. мында РСДРПнин комитети түзүлгөн. 1918-ж. 25-январда (7-февр.) А-да куралдуу көтөрүлүш болуп, Совет бийлиги орнотулган. Шаардын ортосунда таш дубалдар м-н курчалган 8 мунаралуу кремль, Успенский (1700- 10), Троицкий (1700) соборлору ж. б. архит. эстеликтер сакталып калган. А.- балык кармоо, аны иштеп чыгаруу ө. ж-нын борбору. Тамак-аш, машина куруу, жыгач иштетүү, химия ж-а жеңил ө. ж. өнүккөн. А-да 3 жог. ж-а 20 атайын.орто окуу жайы, Каспий балык чарба ж-а океанография, осетр балык чарба ил. из. ин-ттары, край таануу музейи, С. М. Кировдун үй-музейи, М. Кустодиев атн. сүрөт галереясы, 3 театр, теле борбор бар. </p><p>