АСТРАХАНЬ ОБЛАСТЫ РСФСРдин составында 1943-ж

АСТРАХАНЬ ОБЛАСТЫ РСФСРдин составында 1943-ж. түзүлгөн. Аянты 44,1 миң км2. Калкы 868 миң (1970). Областта 10 админ. район, 2: шаар, 14 ш. т. посёлок бар. Борбору — Астрахань.

Жаратылышы. А. о. Волганын Каспий деңизине куйган жериндеги ойдуңда жайгашкан. Жеринин бети түзөң, деңиз деңгээлинен төмөн (түндүгүндө бийикт.- 2,7 м, түштүгүндө -27,5 м) жатат. Климаты кескин континенттик, январдын орт. темп-расы түндүгүндө’- 9,7°С, түштүгүндө — 6,9°С; июлдуку түндүгүндө 24,5°С, түштүгүндө 25,1СС Жылдык жаан-чачын түндүгүндө 244 мм, түштүгүндө 175 мм. Областтын терр-ясынан Волга ж-а андан бөлүнүп чыккан Ахтуба д-сы өтөт. Волга м-н Ахтубанын ортосунда Волга-Ахтуба жайылмасы жатат. Жарым чөлдөрүндөгү эрмей, шыбак ж-а шыралжын өсүмдүктөрү мал чарбасынын тоют базасын түзөт. Калкынын. көбү орустар, булардан башка казак, татар ж. б. улуттар жашайт. Калк негизинен Волга-Ахтуба жайылмасы м-н Волганын дельтасында отурукташкан.

Чарбасы. А. о-да негизинен машина куруучу, жыгач иштетүүчү, кагаз-целлюлоза ө. ж., жашылча-бакча, жүн, эт, сүт берүүчү мал чарбачылыгы өнүккөн. О. ж-да балыкчылыктын мааниси чоң: осетр, судак, лещ, сазан ж. б. балыктарын кармоо б-ча СССРде 1-орунда турат. Баскунчак көлүнөн кайнатма туз (СССРде 1-орунда) Жалынат. Машина куруучу Ишканалар балык ө. ж-ыв, дарыя ж-а т. Ж. транспортун, кеме ж-а магистралдык тепловоздорду оңдоону тейлейт. Сал жыгачынан тактай тилүү, челек жасоо, тара жасоого керектелүүчү картон, целлюлоза ж-а кагаз чыгаруу ж-а химия ө. ж. да өнүккөн. Баскунчак көлүнө жакын жерден гипс ж-а алебастр алынат. Волга-Ахтуба жайылмасы м-н Волганын дельтасы жашылча, бакча, багбанчылык ж-а шалы айдоого ыңгайлуу. Областта 68 мектеп, 20 атайын орто, 3 жог. окуу жайы (пед., мед. ж-а балык ө. ж-нын тех. ин-ту) ж-а 2 театр (Астраханда), 395 китепкана, 423 клуб, 452 кинотеатр, 2 музей бар. «Волга», «Комсомолец Каспия» аттуу обл. газеталар чыгат. Астрахань ш-да теле борбор,; Астраханга жакын жерде баткак м-н дарылоочу Тинаки курорту (1820-ж. негизделген) бар.

Ад.: Народное хозяйство Астраханской области за 50 лет. Статистический сборник, Волгоград, 1957; Атлас Астраханской области, М., 1968.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *