АСТРАГАЛ

от123

Дек 11, 2020

АСТРАГАЛ (Astragalus) — чанактуулар тукумундагы өсүмдүк уруусу. Бир же көп жылдык чөп, бадал. Татаал жалбырактуу, айрымдарыныкы жалбырак сабы тикенекке айланган. Жер шарынын түн. жарымында, Африкада, Америкада анын 1600гө жакын түрү белгилүү. СССРде 850, Кырг-нда 180 түрү өсөт. Бардык алкакта, өрөөндөн бийик тоолорго чейин таралган. Жыш сабактуу А., майда гүлдүү А., саксагай гүлдүү А. дарылык касиетке ээ. Алардын маңызы жүрөк кан тамыр ж-а бөйрөк ооруларын дарылоодо колдонулат. А-дан алынган желим заттары жеңил ө. ж-да пайдаланылат. Кээ бир түрү тоютка жарайт. Бадал А-дары топуракты эрозиядан коргоп, нымдуулукту сактайт. Даны протеинге бай.

от 123