АСТЕНИЯ

от123

Дек 11, 2020

АСТЕНИЯ, астениялык абал (гр. astheneia — дармансыздык, күчкубаттан таюу) — оорулуу абал; бул абалга туш болгон адам бат чарчайт, уйкусу бузулат, ишке жарамдуулугу төмөндөйт, жаман жытка, өтө жарыкка, уу-чууга көтөрүмсүз болот. А. жугуштуу ж-а арыктатуучу кеселдерден, уулануудан, ашкере оор кара жумуштан, акыл эмгегин ашыра иштегенден, маалы м-н эс алып, тамактанбагандыктан пайда болот. А-нын белгилери атеросклероз, гипертония ж-а шизофрения ооруларынын башталышында байкалат. Дарылоо ооруну пайда кылган негизги себептерге жараша жүргүзүлөт. Оорулуу адам глюкоза, витаминдерди жетиштүү өлчөмдө кабыл алып, өз маалында тамактанып, жумуш м-н эс алууну айкалыштырып, организмин чыңдашы керек.

от 123