АССИРИЯ

АССИРИЯ — Ирактын азыркы террясындагы байыркы мамлекет. Ашшур А-нын борбору болгон. Калкынын алгачкы этникалык составы белгисиз. Б. з. ч. 2000-ж. калкынын негизги көпчүлүгү семит-аккаддардан турат. Ашшур б. з. ч. 18-к-дын башында аморей Шамншадад 1нин ири державасынын борбору болуп калат. Агпшурдун башкаруучусу Ашшурубаллит I (15-к-дын аягы 14-к-дын башында) күчтүү державаны түзүп, Вавилонияны баш ийдирет. Анын тукуму «Ассириянын падышалары» деген наам алышат. Байыркы А-га өзүн өзү башкаруучу селолук ж-а шаардык общиналар мүнөздүү болгон. Б. з. ч. 2 миңинчи жылдын башында А-да а. ч-сын ургаалдаштыруу ж-а адистештирүү башталып, ага байланыштуу сүткорчулук өнүгөт, ири жер ээлөөчүлүк түзүлөт. Ал катардагы общиначылардын көпчүлүгүнүн жакырданышына алып келет. А. мамлекети б. з. ч. 12-8-к-дын аралыгында бир нече жолу гүлдөө ж-а начарлоо доорлорун башынан өткөрүп, үч жолу гражд. согушка дуушар болгон. Анын жүргүзгөн жырткычтык согуштары баш ийген өлкөлөрдүн да, өзүнүн калкын да жакырланткан. Акырында А. армиясынын моралдык абалы начарлап, ага каршы күрөшүүчү мамлекеттердин коалициясы пайда болгон. Ошондой коалицияда турган Вавилония м-н Мидия 626-605-ж. А. мамлекетин кыйраткан. А-нын ак сөөктөрү согуш убагында өлтүрүлүп, калкынын калган бөлүгү Месопотамиядагы арамейлер м-н аралашып кеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *