АССИРИЯ ТААНУУ-Вавилония м-н Ассприянын тилдери, жазуусу ж-а тарыхы ж-дөгү илим; кең маанисинде — клинопись жазууларынан пайдаланышкан цивилизацияга байланыштуу бардык илимдердин комплекси. А. т-га пгумер, урарту хетт, хуррит ж-а эламит таануулар да кирет. Азыр А. т-га угарит таануу ж-а Байыркы Иранды тарыхый-филолог. жактап изилдеп билүү кошулбайт. А. т-га О. Г. Лейарддын (Англия) ж-а П. Э. Боттун (Франция) 19-к-дын орто ченинде Иракта жүргүзгөн изилдөөлөрү, Г. Роулинсондун (Англия) Ирандагы ачкан жаңылыгы (Персия падышасы Дарий 1нин б. з. ч. 521-жылга жакын, Бахустин арасындагы байыркы фарс элам-вавилон тилиндеги клинопись жазуулары) база болгон. А. т. 1857-ж. жаңы илим деп таанылган. Э. Хинкс (Ирландия) вавилон-ассирия клинописи м-н эки башка тилдеги тексттер жазылгандыгын аныктаган. Булардын 1-си семит тобуна кирип, 2-си белгисиз болгон. Кийин ал шумер тили экени аныкталган. Шумер тилин изилдеп үйрөнүү б-ча алгачкы иштер П. Хауптка (АКШ), Ж. Оппертке (Франция) таандык. Э. де Сарзек (Франция) байыркы Лагаш ш. урандыларынан (б. з. ч. 3-жылдагы) чыныгы шумер жазууларын ж-а чарб. документтерин таап, аларды 1884-1905-жылда А. Амьо м-н Ф. Тюро-Данжен (Франция) чечмелеп, окуп чыгышкан ж-а А. т-нун бир тармагы катарында шумер таануу илимине негиз салынган; вавилон-ассириялык клинописи ж-а Вавилониянын бардык мад-ты шумерден чыккандыгы далилденген. Россияда А. т. б-ча эмгектер 19-к-дын 90-жылдарында жарыялана баштаган (В. С. Голенищев, Б. А. Тураев). Орустун 1-ассириологу М. В. Никольский шумер документтерин эң сонун бастырып чыгарган. 19-к-да ж-а 20-кдын 1-жарымында А. т. илимин изилдеп үйрөнүүчү тилдердин катарына урарту, хетт, хуррит, луви, палай, хатт ж-а элам тилдери кошулган. Азыр сов. тарыхчылар мектеби дүйн. А. тда алдыңкы орунга чыкты. Сов. шумерологдор ж-а ассириологдор бул жагынан социалдык-экон. ж-а укук проблемаларын ж-а да тил, ад-т, искво ж-а фольклор проблемаларын иштеп чыгышууда. Сов. урартологдор (Б. Б. Пиотровский ж. б.) археол. жагынан да ийгиликтерге жетишти. Ленинград, Тбилиси, Ереван ун-ттери СССРде А. т. илимин окутуунун борбору болуп калды. Ленинградда, Москвада клинопись коллекциялары, Ереванда, Тбилисиде урарту таанууга тиешелүү коллекциялар бар. Ушул шаарларда ж-а Бакуда, Минскиде, Вильнюста А. т. б-ча изилдөө иштери кеңири жүргүзүлүп жатат. А. т. ж-дөгү макалалар «Вестник древней истории» (1937-жылдан чыгат), «Кавказско-ближневосточный сборник» ж. б. журналдарда жарыяланып турат. А. т-нун чет мамлекеттердеги негизги борборлору Чикаго, Багдад, Рим, Стамбул, Анкара, Берлин ж. б. ш-ларда жайгашкан. Кийинки жылдарда А. т-да Ирактын илимпоздору да көрүнүктүү орун ээлей башташты.

Ад.: Бузескул В. П., Открытия ХIX и начала ХХ века в области истории древнего мира, ч, 1-Восток, СПБ, 1923; П о ст о в с к а я Н. М., Изучение древней истории Ближнего Востока в Советском Союзе (1917-1959 гг.), М., 1961; Д ь я к он о в И. М., Языки древней Передней Азии, М., 1967.

от 123