АССАМ

АССАМ — Индиянын түн.-чыгышындагы штат. Чыг. Гималаи тоолорунун этегинде, негизинен Брахмапутра д-сынын алабында. Аянты 122 миң км2. Калкы 15 млн., алардын 50% ассамдыктар, 18% бенгалдыктар. Админ. борбору — Шиллонг ш. Жеринин түштүгүн Лушаи тоосу (2157 м ге чейин), борб. бөлүгүн Ассам тоолору, түндүгүн Брахмапутра д-сынын боюндагы түздүк ээлеп жатат. А. өлкөнүн эл чарбасында чай ж-а нефть өндүрүүгө адистештирилген. Жеринин 15% айдоо. Чайдан башка джут, шалы, тамеки, пахта айдалат. Жибекчилик өнүккөн. Токой чарбасында жыгачтын баалуу түрлөрү ж-а бамбук даярдалат. Штатта нефть, химия ө. ж-лары өнүгүүдө. Чай пресстөөчү, жыгач иштетүүчү, цемент ж. б. ишканалары бар. А. трансп.-экон. жагынан Калькутта м-н тыгыз байланышта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *