АСПИРАЦИЯ

от123

Дек 11, 2020

АСПИРАЦИЯ (лат. aspiratio — дем алуу)-1) түрдүү оорулардан кийин органдардын көңдөйлөрундө пайда болгон ириңди, желди, сары сууну атайын аспаптар м-н тарттырып алуу; 2) оорулуунун жутуу жөндөмдүүлүгү бузулганда же эс-учун жоготкон убакта, оозундагы тамактын калдыктары, кан, жасалма тиш ж. б-нын дем алуу жолдоруна кептелип калышы; 3) ө. ж. ишканаларында пайда болгон чаңды айлана-чөйрөгө таратпастан, сордуруп алуу. Сордурулган чаңдуу аба желдетүү түтүгү аркылуу цехтердин сыртына чыгарылып, атайы чаң топтоочу жабдыктардан өткөрүлүп тазаланат.

от 123