АСПИРАНТУРА

от123

Дек 11, 2020

АСПИРАНТУРА — СССРде илимий пед. ж-а илимий кадрларды даярдоонун негизги формасы. А. 1925-ж. жог. окуу жайларында ж-а ил. из. ин-ттарында уюштурулган. Өндүрүштө * иштебей (35 жашка чейинкилер үчүн 3 жыл мөөнөт м-н) ж-а сырттан (45 жашка чейинкилер 4 жыл мөөнөт м-н) окуй турган А. бар. А-га жог. билимдүү, ил. ишке шыктуу, адистиги б-ча 2 жылдан кем эмес стажысы бар, ал эми жог. окуу жайларын жаңы бүтүргөндөр ин-ттун ил. советинин сунушу б-ча конкурстук кирүү экзаменин ийгиликтүү тапшырганда кабыл алынат. Кирүүчүлөр жарыяланган ил. эмгектерин же докладдарын (реферат) тапшырат. Алар жактырылгандан кийин тандаган адистиги, КПСС тарыхы, чет тилден сыноодон өтөт. Аспирант ил. совет бекиткен план б-ча иштейт, ага ил. жетекчи (илим кандидаты же доктору) бекитилет. Өндүрүштө иштебей окуган аспиранттарга А-га киргенге чейин айлык анысынын көлөмүнө жараша (айына 100 сомдон ашык эмес) стипендия ж-а ар жылы 2 айга каникул берилет. Өндүрүштө иштеп жекече планын аткаргандарга ар жылы эмгек акысы сакталып, кошумча 30 күн дем алыш ж-а жумасына 6 күн иштегендерге кошумча дагы бир күн берилет. Респ-кабызда А. ун-тте, политех., мед., а. ч. ин-ттарында, Кыргыз ССР ИАда ж-а бир катар тармактык ил. из. ин-ттарында уюштурулган. СССРде 1971-ж. А-да 99308, Кырг-нда 1974-ж. 662 адам окуган.

от 123