АР-РАЗЗАК Самаркандий

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АР-РАЗЗАК Самаркандий (1413- 1482) — орто азиялык тарыхчы. Туулган, өлгөн жери-‘Герат ш. Өмүрүнүн көбүн Самарканда өткөрөт. Тимурилердин элчиси катары Индияда (1441-44), Гилянда (1446) болот, 1463-жылдан Гератта шейх. А. 1467- 71-ж. «Эки бактылуу жылдыз чыккан жер жана эки деңиз кошулган жер» аттуу тарыхый хроника жазган. Мында монголдордун, Тимурдун ж-а Тимурилердин 1304-1471-жылга чейинки тарыхы баяндалат.

АБДРАЕВ Мукаш (5. 5. 1920-ж. т., Сокулук р-ну, Чоң-Жар кыш. )-кыргыз совет композитору, профессор, Кырг. ССР иск-восуна эмг. сиң. ишмер, коомдук ишмер, Кырг. ССР эл артисти (1974). 1970-жылдан КПССтин мүчөсү.

A. кыргыз муз. драма театрындагы студиянын скрипка классында (1933), Москвадагы Ипполитов-Иванов атн. муз. окуу жайында (1935-40) окуган. 1940-ж. Чайковский атн. консерваториянын улуттук студиясына кирген. Композиция б-ча Г. ЛитиНский м-н B. Фереден таалим алган. Проф. C. Н. Василенконун классында Москва консерваториясынын теориялыккомпозитордук бөлүмүн бүтүрөт (1950). А. 1960-жылдан Кыргызстан композиторлор Союзунун Башкармасынын мүчөсү, 1963-67-ж. ошол союздун председателинин орун басары, 1967-жылдан бери председатели. Кызкелиндер педин-тунун доценти (1982), кафедра башчысы (1962-67), Б. Бейшеналиева атн. Кыргыз мамл. иск-во институтунун композиция кафедрасынын башчысы (1975), профессору (1973). А-дын чыгармачылык иши 1940-ж. башталат. Ал үйрөнчүк музыканттан профессионал композиторлукка чейинки муз. өнөрдүн татаал жолун басып өтүп, элге кеңири маалим ондогон түрдүү жанрдагы чыгармаларды жаратты. А. өзүнүн талантын бардык муз. жанрларда көрсөтө алды. Ал кыргыз музыкасында хор жанрын өнүктүрүүгө көп көңүл бурду. Хорлору көбүнчө партия, мекен, эмгек, достук, жаштык темаларына арналган. Мис, «Кыргызстан жөнүндө ыр», «Компартия», «Ленин-Октябрь», «Кыргызстан жаштары» ж. б. Ал эки жүзгө жакын лирикалык обон («Аз: гырба, мени алдаба», «Студенткага» ж. б. ) чыгарган. А. кыргыз совет музыкасында романс жанрынын өсүшүнө да өзүнүн салымын кошту. Анын «Жалыныңа күйгөмүн», «Сүйгөнүм» сыяктуу романстары кыргыз совет ырларынын мыкты үлгүлөрүнөн болуп калды. Композитор балдар үчүн да ыр-обондор чыгарган («Ата Ленин», «Сен пионер», «Бешик ыры», «Ой балапан», «Тынчтыкты мен да сүйөмүн» ж. б. ). А-дин чыгармачылыгында кантата, оратория, вокалдык-симф. поэмалар ж-а симф. музыка негизги орун ээлейт. Анын «Жаш жүрөктөр» (1953), «Токтогул» (1956), «Олжобай менен Кишимжан» (1963) опералары кыргыз опера өнөрүнүн кенчине кирди. Ал А. Малдыбаев, А. Түлеев, А. Аманбаев м-н бирге «Ким кантти?» комедиясына (1943), А. Түлеев м-н бирге «Жапалак Жатпасов» (1944), «Курманбек» (1944) драмаларына музыка жазган. Ондогон аспаптын пьесалары, күүлөрү да бар. А. — «Токтогул композитор» (Б. Алагушев м-н бирге), «Октябрдын нуру менен» аттуу монографиялык эмгектердин, 5- 6, 7-8-класстар үчүн «Ырдоо» окуу китебинин автору. Композитордун «Ырлар» (1958), «Менин мекеним» (1968), «Тандалган ырлар» (1У70) аттуу обондуу ыр жыйнактары жарык көрдү. А. Кырг. ССР Мамл. Токтогул атн. сыйл. лауреаты (1974), Кырг. ССР Жог. Советинин 7-8-шайл. депутаты. Эмгек Кызыл Туу ж-а «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.

Ав. : Кыргыз композиторлору, Фр., 1964; Алагушов Б., К а п л а н А., Көрүнүктүү композитор, «Ала-Тоо», 1970, J\fi 5.

АБДРАИМОВ Апсамат (1931-ж. т. ) — Ош обл-нын Кара-Суу р-нундагы Киров атн. к-здун бригадири (1961), Соң. Эмг. Баатыры (1966). 1947-ж. пахтачылык звеносуна башчы болуп дайындалган. 1961-жылдан бери пахта өстүрүүчү комплекстүү механикалаштырылган бригаданы башкарат. 1964-ж. А. жетекчилик кылган бригада 110 га аянттын ар гектарынан 34, 5 ц ден, 1965-ж. о. эле аянттан 33, 1 ц ден пахта алган. А. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *