АКШнын КОММУНИСТТИК ПАРТИЯСЫ (АКП) 1919-ш. сент. Чикагодо негизделген. 1-5-сентябрда Американын Компартиясынын уюштуруу съезди болуп өткөн. Аны Соц. партиядан бөлүнүп чыккан Рутенберг башкарган солчулдар тобу чакырган. Ошол эле жылы 31-августтан 5-сентябрга чейин Американын Коммунисттик жумушчу партиясынын уюштуруу съезди болуп, аны Дж. Pud башкарган солчулдардын дагы бир тобу чакырган. 1920-ж. эки топ өз ара мамилеге келип, 192Гж. май айында Американын Бириккен компартиясына баш кошкон. 1921-ж. уюштурулган Американын легалдуу Жумушчу партиясына Американын Ъщяыжен. компарт&яъъг да тжрген.. 1923-ж-дын аягынан партия Американын Жумушчу (Коммунисттик) партиясы, 1930-ж. июнунан АКШнын Компартиясы деп атала баштаган. Ал троцкизмге, ревизионизмге, сектантчылыкка каршы күрөшүп, 1929-ж. өз ичиндеги ревизионисттик группировкадан арылган. 1929-33-ж. жумушсуздардын, жакырданган фермерлердин мүдөөсү үчүн демонстрацпялар уюштурган. Анын демилгеси б-ча Негрлердин укуктарын коргоо лигасы түзүлгөн. Өлкөнү фашисттештирүү аракеттерине каршы курөшкөн. 2-дүйн. согуштан кийин АКИ оңчул оппортун. элементтерге, ликвидаторлорго каршы күрөшүп, ишин жашырын жүргүздү. Амер. империализмдин агрессивдүү саясатын ашкерелеп, тынчтыкты жактады. АКПнын 21съезди (1975-ж., июнь) саясий рез-я кабыл алып, анда марксизм-ленинизм позициясында азыркы эл аралык абалды, капитализмдин жалпы кризисин, анын АКШдагы бөтөнчөлүктөрүн анаяиздеди; партиянын, профсоюз, жаштар ж. б. коомдук уюмдардын милдеттерин белгиледи. Анын делегациясы Коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын 1957-ж-дагы (Москва) кеңешмесинин документтерин кубаттады. Коммунисттик ж-а жумушчу партиялардын (1960, 1969, Москва) эл аралык кеңешмелерине катышты, алардын документтерин жактырган. Партиянын иши демокр. централизм принциптеринин негизинде жүргүзүлөт. Партиянын жогорку органы — съезд. Борб. органы — «Дейли уорлд», теориялык органы — «Политикал афферс» журналы.

от 123