АКШдагы ГРАЖДАНДЫК СОГУШ

АКШдагы ГРАЖДАНДЫК СОГУШ (1861-65) Ж-А ТҮШТҮКТҮ ЖАҢЫЛАП КУРУУ (1865-77). Бул согуш капит. Түндүк м-н кул ээлөөчүлүк Түштүктүн ортосундагы экон. ж-а саясий кайчылаштыктын курчушунан келип чыккан. Түштүктөгү кулчулук АКШда капитализмдин өнүгүшүнө тоскоол болгон. 19-к-дын ортосуна жакын Түн. штаттарда кулчулукту жоюу үчүн кыймыл башталат (к. Аболиционизм). Өлкөдө Респ. партиянын таасири күчөйт. Анын кандидаты А. Линкольн 1860-ж-дагы шайлоодо президент болот. Бул окуя Штаттар союзунун кул ээлөөчүлүгү бар Түштүктүн каршы чыгуусуна сигнал болду. 1861-ж. февралда кул ээлөөчүлүгү бар штаттардын Конфедерациясы түзүлүп (буга 34 штаттык 11 штаты бириккен), гражд. согушка даярдык көрүлөт. Апрелде Түштүктүн кул ээлөөчүлөрү козголоң чыгарып, курал-жарактар топтолгон жерлерди ээлеп алып, Түндүктө кулчулукту орнотууну көздөшкөн. Ал кезде 22 млн калкы бар Түндүк ө. ж. продукциясынын 75% берген, т. ж. тармагынын 2/3 бөлүгүн ээлеген. Түш. тарапта 9 млн. калк болгон (булардын 4 млн-го жакыны негр кулдар эле). Күчү көп ‘ болсо да, Түндүктүн согушка даярдыгы аз болучу. Ошон үчүн согуштун 1-этабында (1861-62) Түндүк жеңилип, согуш создугуп кетет. 1862-ж. өлкөнүн конгресси, К. Маркс алдын ала айткандай, согушту рев-ячыл жол м-н жүргүзүү чараларын көрө баштайт: Гомстедакт ж-дөгү закон кабыл алынат. Түш. штаттардагы негр кулдар жер албастан азаттыкка чыгарылат. Козголоңчулардын мүлкүн бекер алып коюу ж-дө ж-а АКШга чыккынчылык кылгандарга өлүм жазасын колдонуу ж-дө закон жарыяланат. 1863-ж-дан тартып согуштун 2-этабы башталат. Түндүктөгү федералдык армияга 190 миң негр кошулат, булардын 72% козголоңчу штаттардан келет; 250 миң негр тылдагы аскер бөлүктөрүндө кызмат өтөөгө киришет. Жумушчулар полктору көбөйөт. Козголоңчуларга каршы чабуул жаңы план б-ча жүргүзүлдү: аскерлер Миссисипи д-сын бойлоп аракеттенип, Көнфедерациянын аймагын экиге бөлүп таштады. Армияга Түштүктөгү фермерлер, жумушчулар, кол өнөрчүлөр кошулушту. Түндүктүн жеңишин камсыз кылууда негрлер негизги роль ойноду. Алар чалгындоо жүргүзүүнүн, козголоңчулардын аскерлерине тылдан кол салып турушкан. 1865-ж. 3апрелде федералдык аскерлер Конфедерациянын борбору Ричмонду алды. Бир нече убакыттан кийин козголоңчулардын аскерлери багынууга аргасыз болду. Гражд. согушта Түндүктөгүлөргө ар түрдүү улуттагы жумушчулар ж-а Европадан эмиграцияга барган революционерлер катышышкан. Англиянын жумушчулары өз өлкөсүнүн өкмөтүнүн козголоңчуларга жардамдашуусуна каршы турушкан. Англия м-н Францияга жоо болуп турган биримдиктүү Кошмо Штаттардын турушун каалаган Россия 1863-ж. 2 эскадра жиберүү м-н Линкопъндун өкмөтүнө жардам көрсөткөн. АКШдагы бурж.-демокр. ревянын 1-этабы болгон гражд. согуштун бүтүшү м-н негрлерге жер ж-а ак адамдар катары укук берүү максатындагы кыймыл күчөгөн. Тарыхта бул Түштүктү жаңылап КУРУУНУН башаты ж-а 1865-77ж-дагы бурж.-демокр. рев-янын 2-этабы деп аталат. Бирок буржуазиянын чыккынчылыгынын натыйжасында негрлер укуксуз бойдон калтырылды. Түштүктөгү пгааттарда мурдагы кул ээлөөчулөр бийликти кайрадан ээледи. Плантаторлор негрлер үчүн катаал тартип орнотту. Түштүктү кайра куруу мезгилинин аякташы Америкадагы экинчи рев-янын басаңдоо этабы болгону м-н, мында кулчулукту түбөлүккө сактоо планы ойрондолду, капитализмдин өнүгүшүнө жол ачылды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *