АЙ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЙ — Жердин табигый жандоочусу. Башка асман телолоруна караганда Жерге эң жакын (384440 км); өзүнөн жарык чыгарбайт; Айдын диаметри 3476 км, массасы Жердикинен 81,53 эсе аз, б. а. 7,37-1022 кг; орточо тыгызд. 3,35 г/см3. Айдагы нерселердин эркин түшүү ылдамдануусу, чамалап алганда, 1,62 м)сек2 болгондуктан, тартылуу күчү Жердикинен 6 эсе аз. А. жарыкты Күндөн алат да, Жерди айлануу учурунда фазада (к. Айдын фазалары) болуп өтөт. Айдын Жерди айлануу мезгили өз огунда айлануу мезгилине барабар болгондуктан, ар дайым анын берки бети көрүнүп (к. карта), аркы жагы көрүнбөйт. Бирок Айдын орбитасы эллиптикалык болгондуктан, айлануу огу өз орбитасынын тегиздигине жантайып турат. Натыйжада аркы бетинин эки жаккы четтеринин бир аз бөлүктөрү алмак-салмак көрүнүп турат. Бул Айдын либрациясы деп аталат. Биз үч түрдөгү либрацияны билебиз: 1) либрациянын натыйжасында Айдын көрүнгөн төгөрегинин борбору Ай экваторунун уз. б-ча Ү7°54′ которулуп турат; 2) кеңдик б-ча либрация, мында кеңдик меридианын бойлоп Айдын борбору б-ча Ү6°50′ жылат; 3) параллакстык либрация байкоочунун жер м-н кошо айлануусунун негизинде пайда болот ж-а Жердин экваторунда 57′ га жетет. Бул либрациялардан улам Айдын жалпы бетинин 0,6 бөлүгүн гана көрө алабыз. СССРде 1959-ж. 4-октябрда учурулган планеталар аралык станция гана Айдын аркы бетинин сүрөтүн Жерге бере алды. Бул сүрөттүн жардамы м-н Айдын көмүскө бетинин картасы түзүлдү (к. карта). Айда атмосферанын, суунун жоктугунан, Күн нурунун ар кандай чоңдукта чагылышына жараша анын бети ар түрлүү көрүнөт. Айдын бетинин түзүлүшүн селенография илими үйрөтөт. Азыркы учурда Айдын бетинин толук картасы түзүлдү. Анда 3200 ден ашык ой-чуңкур ж-а тоо (200 миңи түшүрулө элек) көрсөтүлгөн. Ай бетинин мүнөздүү өзгөчөлүгү — анын шакек түрүндөгү тоолору м-н кратерлери. Эң чоң кратери — Гримальди (диаметри 235 км). Абдан дааналап көрсөтүүчү телескоптор м-н көрүүгө боло тургандарынын өлчөмү 100-200 м ге жетет.

Геологиялык түзүлүшү — Айга конгон автоматтык станциялар м-н космонавттардын маалыматтарына ж-а андан алып келинген тоо тектердин аныкталышына караганда, Айдын бети көп кратерлүү ж-а бийик тоолуу рельефтен, чоң-чоң таштардан, кум ж-а борпоң топурактан турат. Айдагы кратерлердин ирилери жанар тоолордун аталышынан, майдалары метеориттердин түшүшүнөн пайда болгон. Шакек сымал тоолордун, тоо кыркаларынын бийиктиктери жердеги тоолордой эле 7-8 км ге барабар. Айда магмалык тоо тектер көп. Ай деңиздери базалъттан, ал эми тоо кыркапары анортозиттен турат. А-дын эң үстүнкү бетинде метеориттер тийгенде талкаланган базальт м-н анортозиттен пайда болгон реголит аттуу эшилме тоо тектер жатат. «Тегерек» деңиздин астындагы 100 км тереңдикте маскондор деп аталган ныктуу заттын чогулмалары бар. Айда орг. тиричилик жок экени аныкталды. Тоо тектердин (базальттын) минералдык ж-а хим. составы негизинен жердегидей, бирок анда Fe, Ti арбыныраак, Na, К азыраак өлчөмдө. Жалпысынан Айдагы тоо тектерде Сг, Ti, Zn окшогон элементтер көп, Au, Ag, Pt сыяктуулар аз. Ай кыртышынын калыңдыгы 25 км ге чейин жетет. Айдын тоо тектери мындан 2,0-4,6 млрд. жыл мурда пайда болгон деп болжолдонот. Айдын бетинин темп-расы болжол м-н 130° тан -150° чейин өзгөрөт. Темпранын мындайча өзгөрүшү — атмосферанын жоктугу, Айдын бетинин чаң түрүндөгү жылуулук өткөрүмдүүлүгү аз заттар м-н капталып тургандыгында. СССРде учурулган автоматтык «Луна-16» станциясы (12. 9. 70) Айдын бетине конуп, андан Айдын «топурагын» (100 г дан көбүрөөк) алып келди (к. Ай автоматтык станциясы). Бул «топуракты» изилдегөнде, Айдын жогорку катмары чаңдан ж-а 30-35 см тереңдикте кесек заттардан (базальт ж. б.) тургандыгы аныкталды. Кийинки мезгилдерде Айдын бети сов. «Луноход-1», «Луноход-2» деген өзү жүрүүчү ж. б. автоматтар аркылуу изилденүүдө. Айды изилдөө б-ча АКШнын коемонавттары бир топ иштерди жүргүзүштү. Мис, амер, космос кемеси «Аполлон-11» м-н Нил Армстронг, Эдвин Олдрин Айга учуп барышты (21. 7. 1969). Айдын ташын чогултуп (22 кг) анын бетин сүрөткө тартуу ж-а теле көрсөтүү б-ча Жерге берүү сыяктуу бир кыйла илимий изилдөөлөрдү жүргүзүшкөн. 19. 11. 1969-ж. «Аполлон-12» м-н адамдын Айга конушу 2-жолу иш жүзүнө ашырылды (У. Конрад, Р. Гордон, А. Бин). Бул жолу Айдын 45 кг ташы Жерге жеткирилди, к. «Аполлон». Ад.: Уиппл Ф., Земля, Луна и планеты (пер. с англ.), М,-Л., 1948; Хабак о в А. В., Об основных вопросах истории развития поверхности Луны, М., 1949; Мэйоон Б., Мелссон У., Лунные породы, М., 1973; Виноградов А. В., Коротко о Луне, «Наука и жизнь», 1973, № 9

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *