АЙЫЛ ЧАРБА

АЙЫЛ ЧАРБА -материалдык өндүрүштүн негизги тармактарынын бири. Бул тармак эл чарбасында көрүнүктүү орун ээлеп, калкты азыктүлүк, ө. ж-ды сырьё м-н камсыз кылып турат. Жер шарындагы калктын жарымынан көбүрөөгү а. ч-сында иштейт. А. ч-сында пайдаланылуучу аянт кургактыктын ‘Д не барабар. А. ч. негизги эки ири тармакка — дыйканчылык ж-а мал чарба тармагына бөлүнөт. Кээде токой чарбасы да а. ч-сынын ири тармагы деп саналат. А. ч-сынын эки тармагы өз алдынча да майда тармактарга бөлүнөт. Мис, дыйканчылыкка төмөнкү тармактар кирет: дан, тех. ж-а тоют өсүмдүктөрүн, жашылча, бакча, жүзүм өстүрүү, багбанчылык ж. б. Мал чарбасы кой, уй, чочко, жылкы, бакма канаттууларды асыроо ж. б. тармактардан турат. Биздин өлкөнүн соц. а. ч-сынын өсүшү эл чарбасынын план ченемдүү, пропорциялуу өнүгүү законуна баш иет. Өлкөнү индустриялаштыруу, коллективдештирүү, эл чарбасын пландуу жүргүзүү сыяктуу орчундуу чаралар А. ч-сын өнүктурүүгө шарт түздү. Айрыкча КПСС БКнын 1965-ж. март Пленумунан кийин бир топ уюштуруу иштери жүргүзүлгөндүктөн, СССРдин а. ч-сынын материалдык тех. базасы чыңдалып, мурдагыга караганда ылдамыраак өнүгүп, экон. эффективдүүлүгү жогорулады. 1972-ж. СССРдин а. ч-сынын дүң продукциясынын көлөмү 1913-ж-дагыга салыштырганда 3 эсе көбөйдү. Сов. Кыргызстандын соц. а. ч-сы 222 колхозду, 146 совхозду (1974) кучагына алды. 1969-ж. республиканын а. ч-сында дүң продукция өндүрүү 1913-ж-дагыга салыштырганда 6 эсе көбөйүп, өлкөнүн а. ч-сынын өсүү темпине караганда 2 эсе ылдамыраак өнүккөн. Материалдык өндүрүштүн негизги каражаты- жер. Жер аянты б-ча СССР-дүйнөдөгүү эң ири өлкө. Анын а. ч-сына я^арактуу жери 1972-ж. 547,8 млн. га га барабар болуп, анын ичинен 224,1 га айдоо аянтын түзгөн. Кыргызстанда а. ч. ишканалары м-н чарбаларынын жалпы жер аянты 15,3 млн. га, анын ичинен а. ч-сына жарактуу жер 9,8 млн га га барабар, андан 1303 миң га (13,3%) айдоо аянтын түзөт (1-табл.). 0,22 млн га (2,3%) чабынды, 8,1 млн га (82,9%) табигый жайыт катарында пайдаланылат. Мунун 41 % ин — жайлоо, 32% ин — жаздоо, күздөө ж-а 27 % кыштоо ээлейт, аларга Суусамыр, Соң-Көл, Арпа, Аксай, Кара-Кужур, Борб. Тянь-Шандын сырттары, Алай, Чаткал өрөөндөрү кирет. Республиканын эң негизги байлыгынын бири — мал чарбасынын тоют базасын түзүүчү жайыттар. Тоюттун 2/з бөлүгү жайыт чөбүнө туура келет. Айдоо аянтынын 70% ке жакыны сугат жер, мындай жердин түшүмү кайракка салыштырганда 1,5-2 эсе жогору болот. Айдоонун 3/5 бөлүгүн сугарууга Чоң-Чүй, Отуз-Адыр каналдары, Орто-Токой, Базар-Коргон, Найман суу сактагычтары мүмкүндүк берет; Токтогул, Төрт-Күл, Киров суу сактагычтарынын курулушу 479 миң га жерди суу м-н камсыз кылат. Азыр бардык тех. өсүмдүктөр (кант кызылчасы, пахта, тамеки ж. б.), дан эгиндери м-н тоют өсүмдүктөрүнүн 65-70% сугат жерге айдалат. Натыйжада а. ч. өсүмдүктөрүнүн түшүмү улам жогорулоодо. Тогузунчу беш жылдыкта сугат жердеги дан эгиндеринин жылдык орто түшүмү гектарынан 7,7 ц ге көбөйүп, 1975-ж. 29,8 ц болду. Кырг. ССРи — өлкөдөгү ири мал чарба р-ндордун бири. Мал чарбасынын негизги тармагы — кой чарбасы. Кырг. ССРи кой, эчкинин саны жагынан союз б-ча РСФСР м-н Каз. ССРинен кийинки үчүнчү, уяң ж-а чала уяң жүн алуу жагынан союздук респ-калардын ичинен 1-орунду ээлейт. Ошону м-н бирге респ-канын а. ч-сы кант кызылчасын, пахта, тамеки, дан эгиндерин өндүрүүгө адистештирилген (2, 3, 4, 5-табл.). А. ч. продукциясынын дүң жыйымынын 47% дыйканчылыктан алынат. Республикада багбанчылык, жүзүм, жашылча, картошка өстүрүү өңдүү тармактар да өнүгүп жатат. Респуб^ ликанын колхоз-совхоздорунун талааларында 1972-ж. 24,6 миң трактор, 3,8 миң эгин комбайны, 1,44 миң пахта комбайны, көп сандаган ар түрдүү татаал а. ч. машиналары иштеген. Колхоз, совхоздордун негизги өндүрүштүк фондулары (1972) 1310,0 млн сомго жетип, 1970-ж-дын башында ар бир колхозго ж-а совхозго 3,8 млн. сомго жакын негизги өндүрүштүк фондулар, 65 трактор, 34 автомобиль, 26000 кой-эчки, 1822 уй, 652 жылкы, 464 чочко, 3400 га дан көбүрөөк айдоо аянты туура келген. Колхоз м-н совхоздор 1973-ж. 9-беш жылдыктын үчүнчү чечүүчү жылында айрыкча сонун ийгиликтерге жетишти. Беш жылдыктын эки жылынын ичинде а. ч. продукциясынын дүң өндүрүлүшү 16% ке, мунун ичинен мал чарба продукциясы 20% ке көбөйдү. Колхоздор ж-а совхоздор ар гектардан орто эсеп м-н 21 ц ден, ал эми сугат жерлерден 30 ц ден ашуун эгин алышты. Мамлекетке эгин сатуунун эл чарба планы 20 миң т га ашыра орундалды. Бүткүл союздук соң. мелдештин жыйынтыгы б-ча биздин республикабызга, о. эле Нарын обл-на, Сокулук, Токтогул ж-а Ат-Башы р-ндоруна КПСС БКнын, СССР Министрлер Советинин, ВЦСПСтин ж-а ВЛКСМ БКнын Кызыл Туулары тапшырылды. Он сегиз колхоз, совхоз ж. б. а. ч. ишканалары СССР а. ч. мин-восунун ж-а Тармактык профсоюздун Борб. Комитетинин Кызыл Туулары м-н, а. ч. алдынкылары СССРдин ордендери, медалдары м-н сыйланды.
Тогузунчу беш жылдыкта респ-ка 15 миң трактор, 4 млн, т минералдык жер семирткич алды, бул сегизинчи беш жылдыктагыдан 1,5 эсе көп. Ар саан уйдан сүт саап алуу жылына орт. 303 кг га көбөйүп, 1975-ж. 2352 кг, жүн кыркуу ар койдон 280 г га көбөйүп, 3,2 кг га жетти. Беш жылдыкта а. ч-лын дүң продукциясы сегизинчи беш жылдыкка салыштырганда 18,6% ке көбөйдү, ал 5 млрд 46 млн сом болду. Беш жылдын ичинде мамл-ке эл чарба планынан тышкары 129 миң т эгин, 140 миң т пахта, 699 миң т кант кызылчасы, 17 миң т тамеки жалбырагы, 164 миң т, жашылча, 33 миң т эт, 58 миң т сүт, 91 млн. даана жумуртка, 6,3 миң т жүн ж. б. көп продукция сатылды. Колхоздор м-н совхоздордо кой-эчкинин саны 365 миңге, уйдун саны 46 миңге көбөйдү.

Ад.: РязанцевС. Ң.,»Павленко В. Ф., Киргизская ССР, М., 1960; Развитие народного хозяйства Киргизии, Фр., 1966; Народное хозяйство Киргизской ССР в 1972 г., Ф., 1973; Киргизия, М., 1970 (серия «Советский Союз»); Население и трудовые ресурсы Киргизской ССР, Фр., 1965; С у ю м б а е в А. С, Крепнет экономика Советского Киргизстана, М., 1972; Усубалиев Т. У., Фрунзе — столица Советского Киргизстана, М., 1971; Киргизстан в братской семье народов, Фр., 1972; Народное хозяйство Киргизской СССР. Юбилейный стат. сб., Фр., 197а; Садыков Р. Е., Воспроизводство овец в горной Киргизии, Фр., 1973.