АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ

АЙЫЛ ЧАРБА МЕТЕОРОЛОГИЯСЫ, агрометеорология — метеорол. кубулуштар м-н а.- ч. өндүрүшүнүн объектилери ж-а процесстери ортосундагы өз ара байланыш ж-дөгү илим. Аба ырайы, топурактын нымдуулугу м-н темп-расы, кардын түшүшү ж-а анын калыңдыгы, жер тонунун тереңдиги ж. б. метеорол. шарттар а. ч. өндүрүшүнө түздөн-түз таасир этет. Ошондуктан А. ч. м. айыл чарбасынын талабына ылайык изилдөөлөрдү жүргүзүп, агрометеорол. прогноздоо жолдорун белгилеп, өндүрүштүк мекемелерге жардам берет. Байкоолор метеорол. станцияларда ж-а алардын колхоз-совхоздордогу постторунда жүргүзүлөт.