АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЙЫЛ ЧАРБА АВИАЦИЯСЫ- айыл чарбада колдонулуучу аба транспорту. Ал өсүмдүктү илдеттен, зыянкечтерден коргоо; отоо чөптү жок кылуу ж. б. түрдүү жумуштарды аткаруу үчүн пайдаланылат. СССРдин А. ч. а-да Ан-2, Ан-2М, Як-12 самолёттору, Ми-ШХ, Ка-15 вертолёттору кеңири колдонулат. Суюк химикат, порошок, минералдык жер семирткич чачуу үчүн самолет м-н вертолётторго атайын аспаптар (алар самолеттун же вертолеттун мотору аркылуу иштейт) орнотулат. Өсүмдүк зыянкечи м-н илдетине каршы күрөшүүдө авиация бардык иштин 40% тен ашыгын аткарат. Авиациянын жардамы м-н өсүмдүк зыянкечине же илдетине каршы суюк же күкүм түрүндөгү уу заттар айдоонун үстүнөн 5-10 м, отоо чөпкө каршы эритме же эмульсия 5-6 м, жер семирткич 10-50 лг бийиктиктен чачылат.’ Кыргызстандын дыйканчылыгында көбүнчө Ан-2 самолёту м-н Ми-1, Ми-2 вертолёттору, мал чарбачылыгында Ми-2 вертолёту колдонулууда.

АЙЫЛ ЧАРБА АРТЕЛИ, К. КОЛХОЗ.

АЙЫЛ ЧАРБА АРТЕЛИНИН УСТАВЫ, к. Колхоздун болжолдуу уставы.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *