АЙЫЛ ЧАРБАСЫН МЕХАНИКАЛАШТЫРУУ — айыл чарба өндүрүшүнүн бардык тармагында техниканы кеңири колдонуунун негизинде кол эмгегин механикалаштырган эмгек м-н алмаштыруу. Өлкөнүн индустрияланышы, жеке дыйкан чарбаларынын коллективдештирилиши, МТСтердин түзүлүшү мурда артта калган, чачыранды чарбаларды механикалаштырылган соц. ири чарбага айландырууга мүмкүндүк берди. А. ч. м. эмгекти жеңилдетип, анын мүнөзүн өзгөртүп, өндүрүмдүүлүгүн жогорулатты. А. ч. өндүрүшүнүн жогорулашы илим м-н техниканын жетишкендиктерин колдонууга ж-а механикалаштыруу^ байланыштуу. А. ч. өндүрүшүн техника м-н жабдуу анын интенсивдештирилишин жогорулатып, жерди пайдаланууну жакшыртат да, каражатты аз сарп кылып, ар 100 га аянттан продуктуну көбүрөөк алууну камсыз кылат. Кийинки жылдарда өлкөбүздө трактор м-н а. ч. машиналарын куруу бир кыйла квңейгендигине байланыштуу 1973-ж. эле колхоз-совхоз талааларында 322 миң трактор, 184 миң ар кыл комбайн иштеди. Ал эми респкабыздын к-здорунда ж-а с-здорунда 1974-ж. 25 миңден ашык трактор, 13 миң комбайн, пахта жыйноочу 1500 машина, 18 миң автомобиль ж-а жүз миңдеген а. ч. машиналары болгон. А. ч. өсүмдүктөрүн себүү, жер айдоо ж-а аны иштетүү, түшүм жыйноо толук механикалаштырылган. 1958-ж-дан баштап а. ч. техникасы колхоздорго сатыла баштады. Бул А. ч. м-дагы эң маанилүү маселе — комплекстүү механикалаштырууга өтүүгө өбөлгө болду. Азыр респканын ар бир колхозунун машинатрактор паркы бар. Аларда комплекстүү механикалаштырылган бригада ж-а звенолор иштейт.

от 123