АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ

АЙЫЛ ЧАРБАСЫН КОЛЛЕКТИВДЕШТИРҮҮ — миллиондогон дыйкандардын чачыранды майда жеке чарбаларын ыктыярдуу жол м-н соц. коллективдүү чарбага (колхоздорго) айландыруу. А. ч. к. СССРде Улуу Окт. соц. рев-ясы жеңгенден кийин, социализмди куруунун эц зарыл шарты ж-а милдети болгон. В. И. Лениндин аныктамасы б-ча, А. ч. к-нү иш жүзүнө ашыруунун татаалдыгы ж-а оордугу Улуу Окт. соц. рев-яны даярдоо, аны турмушка ашыруу процессинен кем болгон эмес. Өлкөнү индустриялаштыруу м-н эл чарбасынын соц. ө. ж. тармагы ылдам темп м-н өнүгүп, миллиондогон бытыранды жеке дыйкан чарбаларын соц. негизде кайра курууга материалдык-тех. база түзүлө баштады. Бирок өлкөнү индустриялаштыруунун алгачкы жылдарында товардуулугу аз, жеке менчик, бытыранды майда чарбалар жумушчу табын а. ч. продуктулары м-н, ө. ж-ды сырьё м-н камсыз кыла албай калды. СССРде а. ч-сын коллективдештирүү В. И. Лениндин гениалдуу кооперативдик планынын негизинде иш жүзүнө ашырылды. Айыл-кыштактагы кедей ж-а орто дыйкандар ыктыярдуу биригип, а. ч-сында ири соц. ишканалар — колхоздор уюшулду. Натыйжада ар кандай карамакаршылыктар, капитализмди кайра орнотуу коркунучун түзгөн кулактар тап катары жоюлуп, а. ч-сында да соц. коомдук мамилелер толугу м-н жеңди ж-а социализмди курууга зарыл шарт түзүлдү. Совет бийлигинин карамагына өткөн помещик чарбаларынын негизинде мамл. а. ч. мекемелери (совхоздор) уюштурулду. Жумушчу табы м-н дыйкандардын бузулбас союзу, өлкөнү соц. индустриялаштыруу, жерди мамлекеттештирүү/, кооперацияны жабдуу, кредиттөө б-ча жөнөкөй фермаларынын кеңири түзүлүшү СССРдин А. ч. к-дө негизги саясий ж-а экон. шарт катарында кызмат өтөдү ж-а бул проңессти жүргүзүүнү бир кыйла жеңилдетти. А. ч. к. коммунисттик партиянын, бүт совет элинин Окт. рев-ясынан кийинки эң улуу тарыхый жеңиши болду. Бул тарыхый жеңишти иш жүзүнө ашырууда ж-а а. ч-сын соц. негизде кайра курууда Совет бийлиги орнотулгандан тартын түзүлө баштаган ТОЗдор, артелдөр, коммуналар, совхоздор ж-а кийинчерээк машина-трактор станциялары (МТС) чоң роль ойноду. Алар өзүлөрүнүн коллективдүү эмгеги, жогорку деңгээлдеги өндүрүштүк иши, жетишкендиктери, техниканы, алдыңкы тажрыйбаны колдонуу ж-а булардын пайдалуулугун көрсөтүү жолу м-н дыйкандардын кеңири массасын коллективдештирүүдө, а. ч-сын өнүктүрүүдө пропагандист ж-а агитатор катарында чоң кызмат кылды. СССРде А. ч. к. толугу м-н В. И. Лениндин кооперативдик планына ылайык жүргүзүлүп, өлкөнүн а. ч-сында колхоздук-кооперативдик жаңы коомдук — соң. мамилелер толугу м-н жеңип чыкты; өлкөдөгү дыйкандар эксплуатациядан бошогон өздөрүнүн өндүрүшүн коллективдик соц. менчикке, коллективдүү эмгекке ж-а алдыңкы техникага негиздеген колхоздук дыйкандар табына айланды. Ошондуктан Партиянын 15-съезди тарыхка А. ч. к. съезди катарында кирди. Колхоздорго кедей-дыйкандар гана эмес орто дыйкандар да массалык түрде кире башташты. СССРде коллективдештирүүнүн жүрүшүн төмөнкү таблицадан байкоого болот:

А. ч. к. саясатын туура жүргүзүүдө ж-а кетирилген кемчиликтер м-н каталарды тез арада оңдоого ВКП (б) БКнын «Коллективдештирүүнүн темпи жана мамлекеттин колхоздук курулушка көрсөтүүчү жардамы жөнүндөгү» токтому (1930) чечүүчү роль ойноду.

Кырг. ССРинде бүт өлкөдөгүдөй эле, Совет бийлиги орногондон кийин эле, мамлекеттештирилген жерде алгачкы коллективдүү чарбалар курула баштады. Республикада 1925ж-дын 1-октябрына 60 а. ч. артели ж-а 4 коммуна түзүлүп, алар дыйкандардын 980 чарбасынан турган. Ал эми 1928-ж-дын 1-октябрына 3560 дыйкандар чарбасынан турган 179 а. ч. артели, 1800 дыйкандар чарбасынан турган жерди биргелешип иштөө шериктиги (ТОЗ) ж-а 140 чарбадан турган 5 коммуна түзүлгөн. Туташ коллективдештирүүнүн негизинде 1931-ж. коллективдүү чарбалардын саны 1500 гө жетип, 1932-ж. дыйкандардын 66,2% коллективдүү чарбага кирди. Экинчи беш жылдыкта респ-канын а. ч-нын алдына түзүлгөн коллективдүү чарбаларды чарбалык уюштуруу жагынан чыңдоо ж-а А. ч. к. процессин бара-бара аяктоо милдети коюлуп, 3-беш жылдыктын башында респ-канын аиыл-кыштактарында соң. коомдук мамилелер толугу м-н жеңди ж-а а. ч-сы жаңы соң. негизде өнүгө баштады. 1940-ж. респ-канын а. ч-сында 36 совхоз, 65 МТС ж-а 1941 колхоз болгон. Колхоз, совхоздорго 1940-ж. респ-канын бардык дыйкандарынын 98,7% кирди ж-а жалпы айдоо аянтынын 96,3% коомдук ж-а колхоздук-кооперативдик менчикке айланды. Колхоз ж-а совхоздордо респ-ка б-ча уйдун 36%, кой-эчкинин 64,5% топтолгон. Талааларда 5182 трактор, 1050 дан комбайны ж-а 2607 жүк ташуучу автомобиль иштеген. Ал эми 1973-ж-дын 1-январына 234 колхоз ж-а 111 совхоз болгон.

Ав.: Маркс К., Капитал т. 1-3; Л е н и в В. И., Рабочая партия и крестьянство, Поли. собр. соч., 5 изд., т. 4; его» же, О кооперации, там же, т. 45; Коллективизация сельского хозяйства. Важнейшие постановления Коммунистической’ партии и Советского правительства 1927- 1935, М., 1957; Ленинский кооперативный план и борьба партии за его осуществление, М., 1969; Торжество ленинского кооперативного плана. Материалы ТретьегоВсесоюзного съезда колхозников. Ноябрь 1969 г., М., 1969.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *