АЙЫЛ ЧАРБАСЫН ЖҮРГҮЗҮҮ СИСТЕМАСЫ — экономикалык ж-а уюштуруу жактан жалпы чараларды, о. эле а. ч-сында техниканы, технологиялык каражатты, ыкмаларды колдонуу, жаратылыш ж-а экон. шартка жараша чарбаны интенсивдештирүү ж-а адистештирүү жолу аркылуу а. ч. азык-түлүгүн көбүрөөк өндүрүүнү камсыз кылуу, өндүргүч күчтөрдү туура пайдалануу, продукциянын бирдигине каражатты ж-а эмгекти аз жумшоо. Ар түрдүү тармактуу чарбанын жаратылыш ж-а экон. шартына ылайык илимий сунуштарды иштеп чыгууда ошол чарбанын негизги продукциясын өндүрүүнүн жаңы прогрессивдүү технол. ыкмалар ж-а жолдор эсепке алынат. Бул учурда ар бир системанын экон. жактан таасирдүүлүгүнө, чарба жүргүзүү системасына баа берүү талап кылынат. Мис, Кыргызстандын а. ч-сын жүргүзүү системасынын негизинде анын а. ч-сы зоналарга бөлүнүп, аларга төмөнкү админ.-чарбалык р-ндор кирет: 1) Ферганадагы пахтачылык зонасы- Ош обл-нын Лейлек, Фрунзе, Баткен, Ленин р-ндору; 2) Фергананын тоо этегиндеги пахта, мал чарба зонасы — Токтогул, Лейлек, Фрунзе, Баткен р-ндору; 3) Фергананын тоо этегиндеги тамеки, мал чарба зонасы- Ноокат, Жаңы-Жол, Өзгөн р-ндору; 4) Чүйдөгү кызылча, мал чарба ж-а Фрунзе ш-нын тегерегиндеги сүт-жашылча зонасы — Кемин, Чүй, Кант, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Калинин р-ндору; 5) Таластагы кой, тамеки зонасы — Киров, Талас р-ндору; 6) Ысык-Көлдөгү кой-дыйканчылык зонасы — Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң р-ндору; 7) Борб. Тянь-Шань ж-а Алайдагы бийик тоолуу кой чарба зонасы — Кочкор, Жумгал, Тянь-Шань, Ат-Башы, Ак-Талаа, Тогуз-Торо ж-а Ош обл-нын Алай р-ндору. Бардык зонада дыйканчылыкка кенен өрөөндөр, мал чарбасы үчүн бийик тоолуу алыскы жайыттар пайдаланылат.

от 123