АЙЫЛ АРАЛЫК ТЕЛЕФОН БАЙЛАНЫШЫ

АЙЫЛ АРАЛЫК ТЕЛЕФОН БАЙЛАНЫШЫ — райондун территориясындагы абоненттерди өз ара ж-а башка шаарлар м-н байланыштыруу. А. а. т. б. тармагына райондогу калк отурукташкан пункттардагы телефон станциялары, линиялары ж-а абоненттик курулуштар кирет. Телефон аппараттарын телефон станциясына абоненттик телефон линиялары аркылуу кошулат. А. а. т. б. станциялары бири бири м-н бириктиргич линиялар аркылуу байланыштырылат. Алар аткарган милдеттери б-ча мындай бөлүнөт: борб. станция, түйүн станциясы, ортолук ж-а акыркы станция.