АЙЫКТЫРУУ ФИЗКУЛЬТУРАСЫ

АЙЫКТЫРУУ ФИЗКУЛЬТУРАСЫ — оорулуу адамдын ден соолугун, эмгекке жарамдуулугун тезирээк калыбына келтирүү ж-а оорунун кабылдап кетишин болтурбоо үчүн дене тарбиясын пайдалануу методу. А. ф. коомдук эмгек шарттарында зарыл болгон адамдын дене булчуңдарын чыңоо максатын көздөйт. Мед. илим А. ф-ны жалпы ж-а функционалдык терапия методу катарында карайт. Оорулуу адамдын машыктыргыч көнүгүүлөрдү ченем м-н аткарышы А. ф-нын мүнөздүү7 өзгөчөлүгү болуп саналат. А. ф. машыктыруу, жалпы ден соолукту жакшыртуу, бузулган функцияны калыбына келтирүү милдеттерин ичине алат. Оорулууну дарылоодо А. ф-нын ар түрдүү формалары — гигиеналык ж-а дем алуу :имнпстикасы, экскурсия, туризм ж-а сейплдикке чыгуулар колдонулат. АЙЫЛ — турк ж-а монгол (калмак) тобундагы айрым көчмөн калктардып коомдук бирикмесинин формасы. 18- 19-к-да патриарх.-феод. коомдо жашаган көчмөн кыргыздардын коомдук уюмунун негизги формасы да А. болгон. Бир уруктун өкүлдөрү өзүнчө А. куруп, кыштоо-жайлоого чогуу көчүп-конуп, бир бири м-н экон. ж-а идеологиялык байланышта болгон. А-га кирген көчмөндөрдүн саны ар түрдүү, кээ бирде 200 үйгө чейин жеткен. Мындай чоң А-дарда кедейлер бай-манаптардын оор жумуштарын жасап, өлбөстүн күнүн өткөргөн. А-ды ак сакалдар башкарган, ал эми патриарх.-феод. мамилелер өөрчүгөндө, алардын милдетин көбүнчө манаптар аткарып калган. А-дар адатта көрүнүктүү бай-манаптардын ысмынан аталган. 19-к-дын аягында кыргыз элинин коомдук турмушуна капитализмдин элементтери кирип, ошондон улам А-га бириккен чарбалардын арасында да таптык жиктелүү күчөй баштайт. Совет бийлигинин алгачкы жылдарында кыргыздардын көпчүлүгү көчмөн А. бойдон жашап келген. 20-30-ж-дарда коммунисттик партиянын жетекчилиги м-н көчмөн А-дар бара-бара отурукташып, кыштактарга ж-а колхоздорго биригишти. Азыр А. деген селолук -админ.-терр-ялык бирдикти билгизип калды. Кырг. ССРинде селолук советтер эмгекчилер депутаттарынын айылдык ж-а селолук советтери деп аталат.