АЙША-БИБИ

АЙША-БИБИ — Каз. ССРинин Жамбыл ш-на жакын жердеги Головачев с-да 11-12-к-да курулган төбөсү казанбак сымал күмбөз. Сырткы көрүнүшү 4 чарчы келип, бурчтары мунара сыяктуу тегерек ж-а бийик салынган. Күмбөз бышык кыштан курулуп, маңдай жагы өтө сейрек учурай турган ар кандай айбанаттардын сүрөттөрү ж-а оймо-чиймеленген жазуулар м-н кооздолгон.