АЙТЫШ

АЙТЫШ — ырчылардын, чечендердин өз чыгармачылык кудретин, чеберчилигин сыноо үчүн өз ара мелдеши; кыргыз элдик оозеки чыгармачылыгында өнүккөн жанр. Ал адат-салт А-ы* ж-а акындар А-ы болуп эки чоң топко бөлүнөт. Ал экөө өз кезегинде мазмун ж-а — форжа — —жагыңан»»бири биринен айырмаланган түряөрдөн турат. Адат-салт А-на: o бадик, :, кайым, сармерден, кыз-жигит» айтышы ж. б., акындар А-на: алымсабак, табышмак, кордоо, учурашуу ж. б. кирет. Бирок бул түрлөр так жиктелбейт, кээде биринин белгилери экинчисинде да кездеше берет. Тарыхта чечендердин А-ы да болгону белгилүү. Келип чыгышы ж-а өнүгүшү жагынан А. жанры байыркы үрп-адат, ырым-жырымдарга байланышып, элдик турмушту кенен чагылткан деңгээлге чейин жеткен. А. жанрынын алгачкы түрлөрү көркөм сөз өнөрүнүн адамдарга практикалык ж-а духовный кызмат кыла башташы м-н тең чыккан. Мис, бадик айтуу, «Бекбекей» ж. б. Бадикте адамдар кезек-кезек м-н туруктуу ыр саптарын айтып, ооруну денеден «кубалашса», «Бекбекей? ди» түнкүсүн короо — кайтарганда алмак-салмак ырдашңан. Жаштардын ой-санаалары, кубаныч-эңсөөлөрү кайым, кыз-жигит, сармерден, Ата мекен чагылган.
Уруучулук Доордо акындар А-тары кеңири өнүккөн. Акындар өз өнөрү м-н көпчүлүктөн айырмаланып чыкканда, бийлөөчулөр аларды той-тамашаларда, атайын жыйындарда уруу кызыкчылыгы үчүн пайдаланышкан. Уруулук мамилелердин курчушу м-н акындык А-та да учурдун маселелери курч коюла баштаган. Маселен, мурда эки уруунун акындары бири бириңе жөнөкөй мазмундагы суроолорду берип айтышса, кийинчерээк өз уруусунун артыкчылыгын, баатырларын даңазалап, атаандаш уруунун кемчил жактарын ачып, кордошуп айтышышкан. Атаанд^ппын жеңүү үчүн анын уруусун, башчыларын кордоп ырдаганда, кээде моралдык-этикалык нормага сыйбаган ыкмаларды да колдонуп, диний татаал түшүнүктөрдү чечмелешип да айтышышкан. А. өнөрүнө Токтогул идеялык-эстет. жаңы принциптерди кийирди. Ал А-тарда уруучулук кордошууга, бири бирин кемсинтуүгө каршы турду. Өз А-да учурашуу, калың элдин көңүлүн ачуу, эзүүчү м-н эзилүүчүнүн ортосундагы күрөш мотивдерин кеңири чагылтты. Табышмак А-та акындар бири биринин турмуштук, филос. диний маалыматтарын сынап көрүшсө, алымсабак А-та негизинен жаш акындын талантын өстүрүүгө аракеттенишкен. Токтогул, Эшмамбет, Эсенаман, Барпы, Калык сыяктуу акындар А. өнөрүнүн ири чеберлери болгон. Сов. мезгилде А. өнөрүн Калык. Алымкул, Осмонкул баш болгон акындар «өнүктүрдү. Азыр А. элдик турмушту кеңири чагылтып, кемчилигин сындаган публицистикалык салтанаттуу трибунага айланды. А-тын мазмуну бовет адамдарынын бейпил тур; мушун, күжүрмөн эмгегин; тынчтык^ ты даңазалро болуп калды. Форма жагынан А. салтанаттуу келип, майрамдарда театр сахналарында аткарылат, радио-телевидение, газетажурнал аркылуу, тарайт. Юмор, күлкү, тамаша арбын колдонулуп, сөзсүз жеңишке жетишүү аракети жок, анын ордуна жыйынтык чыгарылып, айтышкандар бир бүтүмгө келишет. 1922-ж. Союз Кошчунун салтанаттуу жыйынында Калык м-н Осмонкулдун А-ы, 50-ж-дарда Алымкул м-н Осмонкулдун совхоздор ж-дөгү, Ысмайыл м-н Токтонаалынын тамашалуу, Эстебес м-н Токтосундун юбилейлик А-тары белгилүү. А-тын формасын профессионал акындар да колдонуп келишти. А. өнөрү акындык таланттын, төкмөлүктүн, акындык ойлоонун татаал табиятын изилдөөдө илимий-практикалык зор мааниге ээ. Анткени бул көрүнүштөр нукура белгилери м-н дал ушул А. процессинде ачык байкалат. А. казак элинде да кеңири өнүккөн. Көркөм сөз өлөрүндө шелдвшүунүң түрдүү формалары башка элдерде да байыркы замандардан тартып өнүгүп келген. Мис, байыркы гректерде, арабдарда; ялониялыктарда. индиялыктарда, тажиктерде, өзбектерде ж. б

Ад.: Таштемиров Ж., Айтыштар. «Кыргыз элинин оозеки чыгармачылык тарыхынын очерки» деген китепте, Фр., 1973; Айтыштар, Фр., 1972.

 

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *