АЙТМАТОВ Чынгыз

АЙТМАТОВ Чынгыз (12. 12. 1928-ж. т., Киров р-ну, Шекер, кыш.) атактуу Кыргыз совет жазуучусу, коомдук ишмер, Кырг.ССР ИАнын анык мүчөсү,(1974). Кыргыз эл жазуучусу (1968). 1959-ж-дан КПССтин мүчөсү. Кыргызча жана орусча жазат. Кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Согуш жылдарында өз айылы Шекерде сельсоветтин секретары, райфинбөлүмүнүн агенти, трактор бригадасынын эсепчиси болуп иштейт. Жамбыл ш-дагы зоовет. техникумду (1946), Фрунзедеги К. Скрябин атн. а. ч. ин-тун (1953) бүтүргөн. 1953-56-ж. Кыргыз мал чарба ж-а вет. ил. из. ин-тунун эксперименттик фермасында зоотехник болуп кызмат , аткарат. 1956-1958-ж. Москвадагы Жогорку адабий курстун угуучусу, 1959-60-ж. «Литературный Киргизстан» журналынын редактору, 1960-65-ж. «Правда» газетасынын өз кабарчысы, 1965-ж-дан бери Кыргызстан кинематографисттер союзунун башкармасынын председатели. А. чыгармачылык ишин а. ч. ин-тунда окуп жүргөндө баштайт. Алгачкы аңгемелери 1952-ж. орус тилинде «Комсомолец Киргизии» газетасына ж-а «Киргизстан» альманахына жарыяланат. Ал ошол кезде эле В. Катаевдин «Полктун уулу» повестин, М. Бубеновдун «Ак кайың» романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин «Ак жаан», «Түнкү сугат», «Асма көпүрө» аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. А-дун чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-ж-дардын ортосунда болот. Бул жылдары ал «Бетме-бет» (1958) ж-а «Обон» («Джамиля», 1959) повесттерин кыргызча ж-а орусча жарыкка чыгарат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда «Бетме-бет» повести кыргыз прозасына жаңылык катары кирди. «Обон» («Джамиля») повести идеялык-эстет. проблематикасы ж-а ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты м-н кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп элдердин тилдерине которулду. «Жамийла» өнүп-өсүп калган кыргыз прозасынын жаңы сапатка жетишип, өркүнү өскөн адабияттардын деңгээлине көтөрүлгөнүн дүйнөгө маалым кылды. Ошондон бери А. жаңы чыгармаларында сейрек кездешүүчү талантынын улам жаңы кырларын ачып келе жатат. «Кызыл жоолук, кырчын талым» («Кызыл жоолук жалжалым» деп окудум эле — Жанызак) («Тополек мой в красной косынке», 1961), «Бото көз булак» («Верблюжий глаз», 1961), «Биринчи мугалим» (1962), «Саманчы жолу» (1963) деген повесттеринде жазуучунун нравалык, филос. изденүүлөрү андан ары тереңдеп, чеберчилиги бийиктен бийикке көтөрүлдү. Аларды айрыкча «Биринчи мугалим» повестинен ачык көрүүгө болот. Повесть өткөндөгү окуяларды сүрөттөсө да, азыркы мезгил м-н үндөш проблеманы козгойт. Башкы каарман Дүйшөн өктөмдүгү, айныбас принциптүүлүгү, өз идеалы үчүн курман болууга кайылдыгы м-н совет адабиятындагы Левинсон, Павел Корчагин, Макар Нагульновдордун образдарына барабар турат. А-дун «Саманчы жолу» повести Улуу Ата Мек. согуш жылдарындагы кыргыз элинин тылдагы кыйын, күжүрмөн, баатырдык эмгегин даана сүрөттөйт. Чыгарманын баш каарманы Толгонайдын элеси аркылуу жазуучу согуштун оор сыноолорун майышпай көтөргөн карапайым кыргыз аялынын типтүү образын түзгөн. Бул трагедиялуу боёктор м-н жазылган зор оптимисттик күчкө ээ болгон Толгонайдын образына күчтүү драмалык чыйралыш, терең психологизм, эпикалык кеңири масштабдуулук мүнөздүү. «Жаныбарым, Гүлсарым!» («Прощай, Гульсары») повестинин жарык көрүшү («Новый мир», 1966, № 3) көп улуттуу совет адабиятына зор идеялык-эстет. табылга катары кирип, кыргыз прозасы соц. реализм жолунда дагы алдыга илгерилегенин далилдеди. Чыгарманын сюжетин кураган окуялар кыргыз айлынын турмушу м-н чектелсе да, анда жалпы совет коомуна орток маселелер көтөрүлгөн. Ак ниеттүүлүк м-н кара санатайлыктын ортосундагы «түбөлүк» конфликт повестте жаңыча, партиялык принципте чечилген. Танабай м-н Гүлсарынын образдары өтмө катар айкалышып, өзүнчө бир жалпыланган образды түзөт. А-дун «Аппак кеме» («Белый пароход») аттуу повести («Новый мир», 1970, № 1) жазуучунун чыгармачылыгында бөтөнчө мааниге ээ. Бул чыгармада адам тагдырынын не бир катаал жактарын изилдөөдөгү жазуучунун кыраакылыгы, интеллектуалдуулугу, ийкемдүүлүгү көрүндү. Повесттин гуманисттик пафосу баштан-аяк адамдын бийик сапаты ж-а нравалык тазалыгын даңазалай. Повесттеги «балык» болуп сууга агып кеткен Баланын образы пакизалыгы, куулук-шумдугу жоктугу, ак пейилдүүлүгү м-н айырмаланып, адамды ар кандай бузукулукка, арамдыкка, зомбулукка каршы активдүү күрөшүүгө чакырат. Повесттин мазмунунан, эгер адам ар кандай кара күчтөрдүн зомбулугуна туруштук бере албай, пассивдүү жолго түшсө, анда ал өзүнүн ыйык идеалына да кол көтөрүүгө чейин барат деген филос. ж-а нравалык тыянак чыгат. «Аппак кеме» — түзүлүшү татаал, кабат-кабат мазмундуу, көп проблемалуу чыгарма. Анын филос. ж-а психол. татаалдыгы анда реалдуу турмуш ж-а мифология жанаша жашап, жуурулушуп, өтмө катар байланышып тургандыгы м-н шартталган. Повесттин көркөмдүк күчүн өтө жогору баалоо м-н, андагы, коюлган идеялык-эстет. проблемалар (ж-дө адабий чөйрөдө талаш-тартыш али күнчө улантылып келе жатат. А. кыска аңгемелер (мис, «Атадан калган туяк»), очерктер, публицистикалык ж-а адабий сын, макалалар жазганга уста. Анын очерктери м-н аңгемелери да көркөм чыгармаларындай олуттуулук м-н жазылып, актуалдуулугу ж-а проблемалуулугу м-н айырмаланат. Ал казак драматургу К. Мухамеджанов м-н бирге «Фудзиямага чыгуу» («Фудзиямадагы кадыр түн» болсо керек эле — Жанызак) («Восхождение на Фудзияму») деген пьеса жазып, драматург катары да көрүнө баштады. А. чыгармалары м-н кыргыз адабиятын жаңы ийгиликтерге жеткирип, жалпы союздук адабий процесске таасир тийгизүү м-н совет адабиятынын дүйнөлүк кадыр-баркын арттырууга кошумча кошту. Анын ар бир чыгармасы жарыяланар замат эле адабий чөйрөдө ж-а окурмандар арасында зор кызыгуу туудурат; тез эле башка элдердин тилдерине которулуп, кайра-кайра басылып чыгат. А-дун чыгармалары театр м-н кино иск-восунун өсүшүнө да зор таасирин тийгизүүдө. Анын «Бетме-бет», «Кызыл жоолук кырчын талым», «Биринчи мугалим», «Саманчы жолу» сыяктуу белгилүү чыгармалары инсценировкаланып, өлкөбүздөгү театрлардын басымдуу көпчүлүгүндө коюлуп жатат. Повесттеринин баары ж-а аңгемелеринин жоон тобу кыргыз кино өнөрүн көп жерге тааныткан көркөм фильмдердин (10дон ашык фильм), айрым опералык ж-а балеттик чыгармалардын жаралышына негиз болду. А-дун чыгармалары дүйн. 80ден ашуун тилге которулган. А.- белгилүү коомдук ишмер. Респ-калык, союздук, дүйнөлүк, коомдук-саясий ж-а чыгармачылык уюмдардын мүчөсү, КСЭнин Башкы редакторунун орун басарларынын бири. А. «Повести гор и степей» китеби үчүн Лениндик сыйлыктын (1963), «Прощай, Гульсары!» повести үчүн СССРдин Мамл. сыйлыгынын лауреаты болгон , (1968). А. СССР Жогорку Советинин 7-8-9шайланышынын депутаты. А. Ленин ордени, эки Эмгек Кызыл Туу ордени Ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.: Обон. Фр.. 1959; Саманчынын жолу, Фр., 1963; Биринчи . мугалим, Фр. 1963; Лицом к лицу, Фр., 1958; Повести гор и степей, М., 1961; Прощай, Гульсары, М., 1967; Произведения,, Фр., 1971.

Ад.: Ауэзов М., Жолуң куттуу болсун!, «Ленинчил жаш», 1958, 2-ноябрь; Бобулов К., Махабат баяны, «Советтик Кыргызстан»,.- 1959, 22-февр.; Ашымбаев Б.. Чынгыз Айтматов, Фр., 1965; Гачев Г.Д., Любовь, человек, эпоха, М., 1965; Глинкин П.Е., Чингиз Айтматов, Л., 1968; Асаналиев К., Открытие человека современности,. Фр., 1968; Лебедева Л. И., Повести Чингиза Айтматова, М., 1972; Коркин В., Человеку о человеке, Фр., 1974.