АЙНЕК БУЛАСЫ

АЙНЕК БУЛАСЫ — эриген айнектен ар түрдүү жолдор м-н даярдалган жасалма була. Өндүрүштө колдонулушуна жараша анын диаметри 3- 30 мк болот. А. б. текстиль ж-а жылуулук еткөрбөөчү була болуп бөлүнөт. Азыр була алуунун технол. үч түрү — эритилген айнек массасын чоюп-созуу, айнек массасын борбордон четтөөчү күчтүн жардамы м-н агымдарга ажыратуу, үйлөө методдору колдонулат. А. б-нан даярдалган материалдар 250°С ысыктыкка чейин өзгөрбөстөн жакшы чыдайт. Була хим. составына жараша 500-700°С де гана жумшара баштайт. А. б. жылуулукту эң аз өткөргөндүктөн, айнек кебези жылуулукту сыртка еткөрбөөчү материал катары пайдаланылат. А. б-нан даярдалган материалдар бышык болот.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *