АЙНЕК БЛОКТОРУ

АЙНЕК БЛОКТОРУ — бири бирине ширетилген жарым эки блоктон пресстелип жасалган көңдөй айнек буюмдар. А. б. формасы б-ча чарчы, тик бурчтуу, жарык техникалык сапаттары б-ча жарыкты таратуучу, жарыкты багыттоочу, тунук ж-а күн нурунан сактоочу, кооздук сапаттары б-ча түстүү ж-а түссүз, конструкциясы б-ча бир же эки камералуу блокторго бөлүнөт. Түстүү блоктор айнек массасын боёо же жарым блоктордун экөөнүн ортосуна түстүү пластиңкаларды коюу м-н даярдалат. А. б. турак үйлөрдө, коомдук ж-а ө. ж. имараттарында жарык өткөрүүчү сырткы ж-а ички тосмо конструкциялар катарында колдонулат. Блоктор цемент эритмеси м-н бириктирилет.