АЙМУХАМЕДОВА Гүльсым

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

АЙМУХАМЕДОВА Гүльсым (Мария) Бурановна (1919-ж. т., Троицк ш., Челябинск обл.) — советтик химик, техникалык илимдеринин доктору (1965), профессор (1967), Кыргыз ССРнин эмг. сиң. ойлоп табуучусу (1975). 1946-ж-дан КПССтин мүчөсү. Москвадагы М. В. Ломоносов атн. ун-тти бүтүрүп (1941), ошол жылдан баштап республиканын илимий мекемелеринде эмгектенет. СССР ИАнын Кыргызстандагы филиалынын химия ин-тунда (1943), Кырг. ССР ИАнын химия ин-тунда (1954), андан кийин {I960) органикалык химия ин-тунда өсүмдүк заттарынын химиясы лабораториясын жетекчи. 1971-ж-дан бери Кырг. ССР ИАнын, органикалык химия ин-тунун директорунун орун басары. А-нын 125 ке жакын илимий иштери, 7 монографиясы ж-а 20 автордук күбөлүгү бар. А-нын кант заводдордо иштетилген продукциялардын калдыктарынан алынган глутамин к-тасы м-н бетаинден малдын ж-а канаттуулардын продуктуулугун жогорулатуучу препарат даярдоо б-ча сунушу өндүрүшкө киргизилүүдө. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. , Чыг.: Химический контроль процессов получения глутаминовой кислоты, бетаина и их производных ионообменным методом, М., 1963; Пектиновые вещества и методы их определения, Фр., 1964; Пирролиденкарбоновая кислота, Фр., 1974; Химическая модификация пектиновых веществ, Фр., 1974.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *