АЙЛАНТ (Ailanthus)

АЙЛАНТ (Ailanthus) — симарубалар тукумундагы дарак. Жалбырагы сабакка кезектешип жайгашкан. Жер жүзүндө 60 түрү бар. Алар Түш. ж-а Чыг. Азияда, Австралияда таралган. СССРде 3 түрү өсөт. Анын ичинен А. altissima өлкөбүздүн европ. бөлүгүндө, Кавказ ж-а О. Азияда парктарда өстүрүлөт. А. жыгачынан курулуш материалдары, кагаз жасалат, отун үчүн керектелет. Кээ бир өлкөлөрдө анын жалбырагы м-н А. жибек куртунун гусеницалары багылат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *