АЙЛАНМА ТРИКОТАЖ МАШИНАСЫ

АЙЛАНМА ТРИКОТАЖ МАШИНАСЫ — сокмо (трикотаж) буюмдарын туюксогуучу машина. Ал илмек түзүп, согуу принцибинде иштейт. А. т. м. бир ж-а эки кабаттуу болуп айырмаланып, илмектүү же жалпак ийнелүү болот. Машинанын ийне салгыч кутусунда илмек түзүүчү ийнелер (64 кө чейин) тикесинен орнотулган. Илмек түзүүчү система ийнелүү кутунун айланасында жайгаштырылган. Ал кутунун айланышына жараша ийнелер кезектешип, илмек түзүүчү системага жакындайт. Ийнелүү куту бир айланганда, илмек түзүүчү система бир илмек катарын токуйт. Ал куту кийинки жолу айланганда, жаңы илмектерди пайда кылып, ал илмектер мурда түзүлгөн илмектердин ичинен алып өткөрүлөт. Андан кийинки процесстер тартуучу механизм м-н аткарылат. Азыр сокмо буюмдарды иштеп чыгаруучу өндүрүштө МТ ж-а МС маркалуу А. т. м кеңири колдонулууда.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *