АЙЛАНМА КАРАЖАТ НОРМАТИВИ

АЙЛАНМА КАРАЖАТ НОРМАТИВИ-айланма каражаттардын финанс. планда белгиленген суммасы. Ал ишкананын өндүрүш запасы, бүтө элек өндүрүшү, даяр буюм запасы, келерки жылдын чыгымы жагынан анын керектөөсүн камсыз кылат. А. к. н. ишкананын үзгүлтүксүз иштешине жараша болот, азыр жаңы чарбалык реформанын шартында нормативди ишкана өзү түзөт. Мамл. ишканалар м-н мекемелердин нормативи негизинен аларга бөлүнүп берилүүчү каражаттардын эсебинен толукталып турат. Анын айрым бөлүгү — финанс. пландагы өлчөмдө ишканалардын карыздарынын калдыгы м-н, ө. ж. ж-а соода шпканаларыныкы мамл. кредит м-н жабылат. А. к. н. айланма каражаттын ар бир түрү б-ча өз алдынча пландагы расчётто көрсөтүлөт. Ал аркылуу өндүрүштө пайдаланылган сырьёнун, материалдын, отундун ж. б. каражаттардын саны, баасы ж-а алардын айлануу ылдамдыгы аныкталат. Ошондуктан ишканада ашык запас кармоо, складда даяр товар топтоо, өндүрүштүк циклди чоюу пайдасыз, анткени бул бюджетке төлөөнү көбөйтүп, накта кирешени төмөндөтүп, кызыктыруу фондуларынын түзүлүшүнө терс таасир тийгизет.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *