АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР

АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР -соң. ишканалардын айланма өндүрүштүк ж-а жүгүртүү фондуларынын акчалай жыйындысы. Булардын бир бөлүгү өндүрүш процессинде, экинчиси жүгүртүү чөйрөсүндө пайдаланылат. СССРдин ө. ж-да айланма өндүрүштүк фондуларга орто эсеп м-н жалпы айланма каражаттардын 70-75% туура келип, жүгүртүү фондулары болсо 25-30% түзөт. Түзүү булагы б-ча А. к. менчик ж-а карызга болуп экиге бөлүнөт. А. к. тынымсыз айланып турат. Алар дайым өндүрүш стадиясынан айлануу чөйрөсүнө өтүп, бул жолду улам кайталайт да, чарбанын бир калыпта иштешин камсыз кылат. А. к-ды рационалдуу колдонуунун маанилүү шарты — үнөм режими ж-а чарба эсеби.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *